Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-апрели № 1109-IV
Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар
боюнча мамлекеттик комитетинин Кара-Суу району
боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын
салык мыйзамдарын аткаруу ишин иликтөө үчүн
убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Салык мыйзамдарынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын салык мыйзамдарын аткарууда орун алган мыйзам бузуулары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы А.А.Шадиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын аткаруу ишин иликтөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - депутаттык комиссия) төмөнкү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын курамында түзүлсүн:
Б.Т.Абдырасаков;
О.А.Аттокуров;
А.Ш.Жээнбеков;
Х.З.Коркмазов;
А.Төлөнов.
3. Депутаттык комиссиянын ишине Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетинин адистери тартылсын.
4. Депутаттык комиссия иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бир айлык мөөнөттө маалымдасын.
Төрага | А.Тагаев
|