Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 10-апрели № 1110-IV
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Кыргыз Республикасынын жарандарына
кайрылуусун кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Исабеков тарабынан даярдалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуусу кабыл алынсын (текст тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын жарандарына кайрылуусу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Төрага | А.Тагаев
|
|
|
Бүгүн бүткүл дүйнө экономикалык кризистин таасирин айкын сезүүдө. Газга, коммуналдык жана башка тейлөө кызматтарына баанын өсүшү, азык-түлүктөргө, күндөлүк керектелүүчү нерселерге баалардын төмөндөбөй жатышы - биздин күнүмдүк жашообузга терс таасирин тийгизүүдө.
Буга карабастан түзүлгөн жагдай калкыбыз сөөк коюуга, куран окутууга, ошондой эле үйлөнүү үлпөттөрүн, мааракелерди ж.б. өткөрүүгө байланышкан ар түрдүү үй-бүлөлүк иш-чараларга ашыкча чыгымдарды сарптоо менен өздөрүнө кыйынчылык келтирип жатканын көрсөтүүдө. Анын үстүнө мындай ашкере салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп бара жатат.
Бүгүнкү кризистик мезгилде мындайлар керексиз экендиги бардыгыбызга түшүнүктүү. Салт-санааны сактоонун куру намысына алдырып, материалдык мүмкүнчүлүктөргө чак келбеген мындай иш-чараларга көбүнчө арбын адам чакырылып, тамак-аш мол даярдалып, мал көп союлуп, акча каражаттары ашыкча сарпталып жатат.
Буга окшогон аша чабуу үй-бүлөнүн бюджетине зыян келтирүү менен жыйынтыгында бүтүндөй калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизүүдө.
Мындай ысырапкорчулук диний жагынан деле колдоого алынбай тургандыгы белгилүү.
Биз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, республиканын жарандарын үй-бүлөлүк иш-чараларды өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жана арбын акча каражаттарын чыгымдабастан өткөрүүгө чакырабыз.
Өзгөчө интеллигенциянын өкүлдөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өз иш милдеттерин аткарууда гана эмес, ошондой эле турмуш-тиричиликте да жалпы кабыл алынган адептүүлүк ченемдерин сактоо, элдердин үрп-адаттарына жана салттарына урматтоо менен мамиле кылуу боюнча да катардагы жарандарыбыз үчүн үлгү болуусу зарыл.
Сөөк коюу каадаларын өткөрүүдө алыстан келгендерге гана тамак-аш даярдоону колдонгон айрым жергиликтүү коомдоштуктардын тажрыйбасын бардык жерде жайылтуу керек.
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, жергиликтүү коомдоштуктардын, коомдук жана диний уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттары да калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин кеңири жүргүзөт деп ишенебиз.
Биз бул кайрылуу жарандарыбыз тарабынан туура түшүнүү менен кабыл алынарына, кандайдыр бир деңгээлде көптөгөн кыйынчылыктардан өтүүгө жана алардан арылууга мүмкүнчүлүк берет деп үмүттөнөбүз.
| 2009-жылдын 10-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында кабыл алынган
|