Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-апрели № 1118-IV
2009-жылдын 17-апрелине Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн
тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2009-жылдын 17-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Кадыралиевди өлтүрүү фактысы боюнча республиканын укук коргоо органдарынын маалыматтары жөнүндө;
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган өз ара соода преференциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду аткаруу протоколун ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбалык өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосунда 2009-жылдын 29-январында кол коюлган "Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат көрсөтүүлөр" долбоору (№ DSF-8021-KG гранты) жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;
"Болгария жана Румыния Республикаларынын Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кошулуусу тууралуу бир тараптан Кыргыз Республикасы менен экинчи тарабынан Европа коому жана анын мүчө өлкөлөрүнүн ортосунда өнөктөштүктү түзүүчү Өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу 2008-жылдын 11-июнунда Брюссель шаарында кол коюлган Макулдашууга карата Протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|