Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 17-апрели № 1119-IV
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик
улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратурасынын
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
С.К.Кадыралиевди өлтүрүү фактысы боюнча
маалыматтары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратурасынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Кадыралиевди өлтүрүү фактысы боюнча маалыматтарын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин жана Башкы прокуратурасынын маалыматтары эске алынсын.
2. Төмөнкүлөргө:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине бул өлтүрүүнү иликтөөнү өзгөчө контролго алуу;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине бул факт боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетине жума сайын берип туруу тапшырылсын.
3. Иликтөө аракетин - С.К.Кадыралиевдин кабинетин тинтүү жүргүзүү үчүн комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Р.Б.Тагаев жана А.А.Сабиров киргизилсин.
Төраганын орун басары | Ч.Баекова
|