Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 23-апрели № 1127-IV
2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин отчету тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун 31-пунктчасына ылайык 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.В.Чудиновдун отчетун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри төмөнкүдөй актуалдуу маселелерди карасын жана аларды чечүү боюнча айкын чараларды көрсүн:
экономиканы, сооданы жана өнөр жайды өнүктүрүү чөйрөсүндө:
- 2009-жылдын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн аткаруу жана финансылык, экономикалык кризистин андан ары тереңдешине жол бербөө боюнча;
- өнөр жай өндүрүшүн турукташтыруу, иштебей туруп калган ишканалардын ишин кайра жаңыртуу боюнча;
- экспорттук жана импортту алмаштыруучу товарларды өндүрүүнү өнүктүрүүнүн эсебинен соода балансынын терс сальдосун төмөндөтүү боюнча;
мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана курулуш чөйрөсүндө:
- менчиктештирилүүгө тийиш болгон объекттерге тике инвестицияларды тартуу боюнча;
- менчиктештирүү процессинде инвесторлор тарабынан алынган милдеттенмелердин аткарылышын тиешелүү контролдоо боюнча;
- курулуп бүтпөгөн объекттердин курулушун аяктоо жана пайдаланууга берүү боюнча;
- 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында Турак жай курулушунун улуттук программасын аткаруу боюнча;
- Балыкчы - Кара-Кече темир жол бутагында жана электр энергиясын, газды жана башка коштонду энергия ресурстарын алуу үчүн каракече көмүрүн кайра иштетүү боюнча курулуш комплексин кайра жаңыртуу боюнча;
отун-энергетика комплекси, тоо-кен өнөр жай чөйрөсүндө:
- электр энергетикалык, мунайды кайра иштетүүчү жана көмүр казып алуучу ишканалардын өтө ыңгайлуу иштешинин эсебинен республиканын калкын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча;
- суткалык жана жылдык режимде станциялардын генерациялоочу кубаттуулуктарын натыйжалуу пайдалануу боюнча;
- чакан жана орто кубаттуулуктагы гидростанциялардын курулушу жана энергиянын жаңырып туруучу булактарын жайылтуу боюнча;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында энергиянын жаңырып туруучу булактарынын аркасында иштелип чыккан энергияга мамлекеттин тарифтик саясатын иштеп чыгуу боюнча;
- Токтогул суу сактагычында суунун зарыл көлөмдөрүн топтоо боюнча;
- тармактарда электр энергиясынын такай жоготууга учурашын төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын кыскартуу боюнча;
- жылуулук жана электр тармактарын эсептик текшерүүнү жүзөгө ашыруу боюнча, ошондой эле отун-энергетика комплексинин жылуулук берүүчү ишканаларынын 2009-2010-жылдардын кышкы жылуулук берүү мезгилине даярдыгын камсыз кылуу боюнча;
- Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи агрегатын пайдаланууга өз убагында берүү боюнча чараларды көрүү;
- мурда иштетилип жүргөн көмүр шахталарын, кендерин жана алардын инфраструктурасын жандандыруу боюнча, ошондой эле 2015-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Көмүр тармагын өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгууну тездетүү боюнча;
- республиканын региондорунда мунай менен газдын бар экендигине геологиялык чалгындоо иштерин кеңейтүү боюнча;
- коррупциялык иш-аракетти жоюу максатында пайдалуу кендер чыккан жерлерди чалгындоого жана иштетүүгө лицензиялар берүү принцибин өркүндөтүү боюнча;
- тоо-кен секторун өнүктүрүүгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча;
билим берүү чөйрөсүндө:
- жалпы орто, орто кесиптик жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча;
- жогорку кесиптик билим берүү үчүн жаңы муундагы билим берүү стандарттарын иштеп чыгуу боюнча;
- кадрларды учурдагы эмгек рыногунун суроо-талаптарына ылайык максаттуу даярдоо боюнча;
- жалпы билим берүүчү уюмдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча;
- Мектепке чейинки билим берүү концепциясын, мектепке чейинки уюмдар үчүн педагог кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу боюнча;
- бүтүрүүчүлөрдүн бөлүштүрүлгөн Жерлерде иштеп калуусунун так механизмдердин иштеп чыгуу боюнча;
маданият чөйрөсүндө:
- маданият жана искусство мекемелери көрсөтүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча;
- маданият жана искусство кызматкерлери менен ишмерлеринин кадрлык потенциалын чыңдоо жана социалдык жактан корголушун жогорулатуу боюнча;
- маданият мекемелерин зарыл көлөмдө каржылоонун жана капиталдык ремонтун жүргүзүүнүн эсебинен маданияттын, искусствонун жана архивдик фонддун материалдык-техникалык базасын жаңыртуу боюнча;
- электрондук жердиктерде маданият чыгармаларын жаратуу жана сактап калуу үчүн азыркы маалыматтык технологияларды жайылтуунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча;
социалдык коргоо, саламаттык сактоо, эмгек, миграция чөйрөсүндө:
- 2010-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорлорун иштеп чыгууда пенсиянын базалык бөлүгүн каржылоону республикалык бюджеттин эсебине которуу боюнча;
- топтолмо пенсиялык тутумду жайылтууда мамлекеттин катуу кепилдиктерин белгилөө боюнча;
- инфляциялык процесстер өскөн шарттарда пенсияларды андан ары жогорулатуу боюнча;
- Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун алдында өткөн жылдардын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн карыздарын тындыруу боюнча;
- калкка социалдык жардам берүүдө даректик мамилени өркүндөтүү боюнча;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөкпулдарды дайындоо үчүн жыйынды кирешени аныктоодо бөлүнгөн үлүштөн, короо алдындагы жер участогунан, айыл чарба малдарынан алынган кирешелердин ченемдерин райондордун кесиминде кайра карап чыгуу боюнча;
- калктын эң маанилүү турмуштук муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн кепилдик берилген мамлекеттик минималдуу стандарттарды иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча;
- ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруучу суммаларды аныктоо үчүн эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүн жогорулатуу боюнча;
- мыйзамдарга ылайык медициналык препараттар менен медицина буюмдарын сатып алууга тендерлерди өткөрүү боюнча;
- энелердин, ымыркайлардын өлүмүн жана 5 жашка чейинки балдардын өлүмүн, ВИЧ-инфекциянын жана башка инфекциялык оорулардын жайылышын төмөндөтүү боюнча;
- медицина кадрларын социалдык жактан коргоо жана алардын айыл жерлери менен чакан шаарларда иштеп калышы боюнча, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип мамлекеттик заказдын негизинде медицина кадрларын даярдоо боюнча;
- жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык ооруулардын алдын алуу менен дарылоо жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча;
- социалдык-маданий багыттагы объекттерди сактап калуу үчүн Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын кайра кароо боюнча;
- Россия Федерациясында, Казакстан Республикасында жана башка өлкөлөрдө иштеп жаткан эмгек мигранттарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы ишти күчөтүү, Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө уюштурулган түрдө жумушка орноштуруу үчүн тышкы эмгек миграциясынын түрлөрүн өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча;
- республиканын чегинен тышкары кеткен Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле республикага келген чет өлкөлүк жарандар менен жарандыгы жок адамдарды эсепке алуунун жана каттоонун ведомство аралык маалыматтык тармагынын тутумун өнүктүрүү боюнча;
- тышкы миграция маселелерин чечүүдө ведомстволор аралык (Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Чек ара кызматы, Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети өз ара аракеттенүүнү күчөтүү боюнча;
- ишке орноштуруу жана эмгек миграциясын камсыз кылуу жаатында максаттуу мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча;
коргоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына 79 млн. 154,2 миң сом, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине 759 млн. 580,1 миң сом суммасындагы түзүлгөн дебитордук жана кредитордук карыздарды тындыруу боюнча;
- 2010-жылга республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө максатка ылайык болгондо республиканын күч жана укук коргоо органдарына бюджеттик каражаттарды өздүк курамдын жүгүнүн, тобокелдигинин даражасын, жасаган ишинин, оперативдүү-кызматтык ишти аткаруудагы жана күжүрмөн даярдыктагы чен-өлчөмдөрүн жана баа берүүнү аныктоону эске алуу менен бөлүп берүү боюнча;
мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү чөйрөсүндө:
- мүмкүн болсо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбиясы жана спорт, жаштардын иштери жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин түзүмүн кайра уюштуруу (статусун жогорулатуу жагына) боюнча;
- мамлекеттик башкарууну өтө ыңгайлаштыруу боюнча;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө:
- бюджеттик каражаттардын республиканын региондору боюнча бир кылка бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен реалдуу сектордун маселелерин чечүү боюнча;
- өз алдынча башкаруу органдарына кызыктыруучу гранттарды берүүнүн тартибин аларды алуу үчүн арыздарды кабыл алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жагына кайра кароо боюнча;
- сатуудан алынуучу салык боюнча 50 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдүн ченемдерин белгилөө боюнча;
мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу чөйрөсүндө:
- жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Омбудсменн (Акыйкатчысы) менен тыгыз өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу боюнча;
- ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан камакта жаткан, кылмыш жасады деп шек саналган жана күнөөлөнгөн адамдардын дене-боюна залал келтирүү же адеп-ахлактык жана чектирүү максатында кыйноо, башка аракеттер менен коштолгон жарандардын эркиндиктери менен укуктарынын бузулушуна жол бербөө боюнча;
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле жалпы мамлекеттик программаларды аткаруу чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү бардык мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын жана мамлекеттик саясаттын тиешелүү багыттары боюнча жалпы мамлекеттик программалардын натыйжалуу, сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун жана протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын үзгүлтүккө учурашына жол бербөө жана аларды өз убагында аткаруу боюнча;
өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин иликтөө чөйрөсүндө - 2008-жылдын 24-августунда Чүй областынын Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылына жакын жерде болуп өткөн "Итек-Эйр" авиакомпаниясынын Боинг-737 жүргүнчүлөр самолетунун кырсыгын иликтөөнүн аякталышын тездетүү жана анын натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоо боюнча.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- атайын каражаттарга тиешелүү жоболорду кошуп алганда ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык келтирүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүнү тездетсин;
- 2009-жылдын 1-январынан тартып атайын каражаттарга салыктын жаңы түрүнүн киргизилишине байланыштуу жогорку окуу жайларындагы контрактык окутуунун наркынын жогорулашына жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун ээлеген кызматына ылайык келерлиги жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен өтүнүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы контракттык окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн атайын каражаттардын бюджеттин кирешесине келип түшүү менен алардын чыгымдалышынын натыйжалуулугунун бөлүгүндө 2008 жана 2009-жылдардагы республикалык бюджети жөнүндө мыйзамдардын сакталышынын аудитин жүргүзсүн.
Төрага | А.Тагаев
|