Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 24-апрели № 1130-IV
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө"
(Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине,
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз
Республикасынын Жарандык процесстик кодексине жана
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик
жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитети (Л.Ч.Сыдыкова) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | А.Тагаев
|