КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2009-жылдын 30-апрели № 1154-IV
"Мугалимдин статусу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.А.Куликова, И.Ю.Карамушкина жана К.Ж.Карабеков тарабынан демилге көтөрүлгөн "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. 2009-жылдын 2-апрелиндеги № 1080-IV "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага | А.Тагаев
|