Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 19-майындагы № 552-VI токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы жөнүндө ЖОБО
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссияларын уюштуруунун жана ишинин тартибин аныктайт.
I. Жалпы жоболор
1.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиянын статусу жана милдеттери
1.1.1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу комиссиясы (мындан ары - комиссия) - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) убактылуу органы, ал айрым маселелерди иликтөө жана изилдөө үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт.
Парламенттик териштирүүлөрдү жүргүзүү парламенттик териштирүү боюнча убактылуу комиссия жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
1.1.2. Комиссия Жогорку Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчёт берет.
1.2. Комиссиянын ишинин ченемдик-укуктук негизи
1.2.1. Жогорку Кеңештин комиссияларын уюштуруу, анын ыйгарым укуктары жана ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" (мындан ары - Жогорку Кеңештин Регламенти) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Жогорку Кеңештин токтомдору менен аныкталат.
1.3. Комиссиянын ишинин принциптери
1.3.1. Комиссия өз ишин төмөнкүдөй принциптерде түзөт:
- мыйзамдын жана укуктун үстөмдүгү;
- максатка ылайыктуулук;
- функциялуулук;
- пландуулук;
- илимий жактан негизделгендик;
- коллегиялуулук.
1.4. Комиссиянын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары менен мамилелери
1.4.1. Комиссия ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу учурунда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, мекемелер жана уюмдар, алардын кызмат адамдары менен өз ара аракеттенет, алар комиссияга жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда аларга зарыл жардам көрсөтүүгө, мыйзамдарга ылайык анын кайрылууларына жана сунуштамаларына жооп кылууга милдеттүү.
II. Комиссияны түзүү тартиби жана анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
2.1. Комиссияны түзүү тартиби
2.1.1. Комиссия бир маселени гана иликтөө жана изилдөө үчүн түзүлөт. Бир эле маселе боюнча эки жана андан ашык комиссияларды түзүүгө жол берилбейт.
2.1.2. Комиссияны түзүү жөнүндө сунушту Регламенттин 33-беренесине ылайык фракциялар же комитеттер киргизүүгө укуктуу.
2.1.3. Комиссиянын жеке курамы фракциялардын лидерлеринин жазуу жүзүндөгү сунуштарында баяндалган фракциялардын сунуштары боюнча, алардын Жогорку Кеңештеги пропорциялык өкүлчүлүгүн эске алуу менен кеминде 6 депутаттан түзүлөт.
Эгерде фракция комиссиянын курамына өз өкүлдөрүн төрагалык кылуучу белгилеген мөөнөттө сунуш кылбаса, Жогорку Кеңеш комиссияны алар катышпастан түзөт.
2.1.4. Комиссиянын жеке курамы катышып отурган депутаттардын көпчүлүк, бирок кеминде 50 добушу тарабынан Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилет.
2.2. Комиссияны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому
2.2.1. Комиссияны түзүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) комиссиянын аталышын;
2) аларды карап чыгуу үчүн комиссия түзүлгөн максаттарды, милдеттерди, маселелердин чөйрөсүн;
3) жеке (тизмедеги) курамды;
4) анын ишинин мөөнөтүн;
5) иштин натыйжалары жөнүндө баяндаманы берүү мөөнөтүн;
6) комиссияны уюштуруу жана материалдык-техникалык камсыз кылуу маселелерин.
2.3. Комиссиянын төрагасын жана төрагасынын орун басарын шайлоо
2.3.1. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары катышып отурган депутаттардын көпчүлүк, бирок кеминде 50 добушу менен комиссиянын бекитилген жеке курамынын сунушу боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан шайланат.
2.3.2. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басары болуп төмөнкүлөр шайлана албайт:
1) комитеттердин төрагалары;
2) бир фракциянын мүчөлөрү.
2.4. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жана комиссиянын чыгын кеткен мүчөсүн алмаштыруу
2.4.1. Кызыкчылыктардын кагылышуусу бар болгон учурда депутат комиссиянын курамы шайланганга чейин өзүн алып салууну билдирүүгө милдеттүү.
2.4.2. Эгерде комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын кагылышуусу келип чыкса, ал комиссиянын төрагасына анын курамынан чыгуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү, бул жөнүндө фракциянын лидерине маалымдайт.
2.4.3. Комиссиянын чыгып кеткен мүчөсүн алмаштыруу Жогорку Кеңешинин Регламентинде каралган тартипте ошол эле фракциянын өкүлдөрүнүн ичинен жүргүзүлөт.
2.5. Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
2.5.1. Комиссиянын төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу Регламенттин 28-беренесине ылайык төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
1) ал комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтоткондугу (отставка) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызды бергенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктар токтотулганда;
3) Жогорку Кеңеш кайра чакыртып алганда.
2.5.2. Комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотуу (отставка) жөнүндө жазуу жүзүндөгү текст Жогорку Кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу тарабынан кабыл алынат жана эске алат.
2.5.3. Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын токтотууга алып келет.
2.5.4. Комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе фракциянын демилгеси боюнча Жогорку Кеңештин чечими менен жыйналыштын күн тартибине коюлат жана тиешелүү арыз берилгенден кийин 72 сааттан эрте эмес жана 5 күндөн кечиктирбестен каралууга тийиш.
2.5.5. Комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому катышып отурган депутаттардын көпчүлүк, бирок кеминде 50 добушу менен кабыл алынат.
2.5.6. Комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушту бир эле фракция жылына бир жолудан ашык эмес киргизе алат.
2.6. Комиссиянын ишинин мөөнөтү
2.6.1. Комиссиянын ишинин мөөнөтү ал түзүлгөн күндөн тартып 3 айдан ашпайт. Комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат.
2.6.2. Эгерде комиссия каралып жаткан маселе боюнча корутундуну Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин кабыл ала албаса, бардык материалдар комиссиянын отчету менен бирдикте жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешке берилет, ал маселени иликтөөнү улантуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2.6.3. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 4 ай калганда комиссияларды түзүүгө жол берилбейт.
III. Комиссиянын жеке курамын өзгөртүү, комиссияны жоюу
3.1. Комиссиянын жеке курамын өзгөртүү
3.1.1. Комиссиянын жеке курамы төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:
1) комиссиянын жаңы мүчөсү шайланганда;
2) комиссиянын мүчөсү кайра чакыртып алынганда;
3) комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары шайланганда же кайра чакыртып алынганда;
4) комиссиянын курамына кирген Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда.
3.1.2. Комиссиянын жаңы мүчөсүн шайлоо, мүчөсүн кайра чакыртып алуу, комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын шайлоо же кайра чакыртып алуу катышып отурган депутаттардын көпчүлүк, бирок кеминде 50 добушу менен Жогорку Кеңештин токтомун кабыл алуу аркылуу ишке ашырылат.
3.1.3. Комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басары ар кандай учурда Жогорку Кеңештин чечими боюнча кызмат ордунан кайра чакыртып алынышы мүмкүн:
1) алардын өз арызы боюнча;
2) алардын кызматтагы канааттандырарлыксыз ишине байланыштуу;
3) алар өз милдеттерин аткарышын мүмкүн кылбаган башка кырдаалдардан улам.
3.1.4. Кайра чакыртып алуу жөнүндө арыз анын квотасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты кызматка шайланган тиешелүү фракция менен макулдашылууга тийиш. Ушул Жобонун 3.1.3-пунктунун 2- жана 3-пунктчаларында каралган негиздер боюнча кайра чакыртып алуу жөнүндө сунуш Жогорку Кеңештин Төрагасы же тиешелүү комиссия тарабынан киргизилиши мүмкүн. Комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушту киргизүү жөнүндө комиссиянын чечими анын жыйналышында кабыл алынат.
3.1.5. Жогорку Кеңештин депутатын комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын кызматынан кайра чакыртып алынган учурда, эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, ал ушул комиссиянын мүчөсү бойдон кала берет.
3.1.6. Жогорку Кеңештин Депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу аны Жогорку Кеңештин бул жөнүндө өзүнчө чечими кабыл алынбастан тиешелүү комиссиянын курамынан чыгарууга алып келет.
3.1.7. Комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими парламенттик фракциялардын комиссиядагы пропорциялуу өкүлчүлүгүнүн принцибин жана Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык аныкталган квоталардын принцибин эске алуу менен кабыл алынат.
3.1.8. Комиссиялардын жеке курамын өзгөртүү менен байланышкан чечимдерди Жогорку Кеңеш даярдашынын, карап чыгышынын жана кабыл алынышынын тартиби Жогорку Кеңештин Регламенти менен аныкталат.
3.1.9. Эгерде комиссиянын сандык курамы Жогорку Кеңештин Регламентинин 33-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңеш белгилеген минималдуу сандык курамдан аз болуп чыкса, Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу маселеси карамагына кирген комитеттин сунушу боюнча бул жөнүндө жыйналышта маалымдайт жана ушул комиссияда алар үчүн аныкталган өкүлчүлүк квотасын пайдаланбаган парламенттик фракцияларга комиссиянын курамына шайлоо үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштоону сунуш кылат. Эгерде Жогорку Кеңештин Төрагасы маалымдаган күндөн тартып бир айдын ичинде комиссиянын сандык курамы Жогорку Кеңештин Регламентинде белгиленген талаптарга ылайык чечилбесе, Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу маселеси карамагына кирген комитет парламенттик фракциялардын жетекчилери менен консультациядан кийин комиссияны жоюу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна киргизе алат.
3.1.10. Ушул Жобонун 3.1.9-пунктунда каралган учурларда комиссияны жоюу жөнүндө Жогорку Кеңеш чечим кабыл алган күндөн тартып - тиешелүү комиссиянын төрагасынын орун басарынын жана бардык мүчөлөрүнүн, ал эми ушундай чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдан кийин комиссиянын төрагасынын жана катчысынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.
3.1.11. Комиссиянын төрагасы жана катчысы, Жогорку Кеңеш комиссияны жоюу жөнүндө чечимди кабыл алган күндөн тартып төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) комиссияда кароого даярдалып жаткан маселелер боюнча материалдарды Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин карамагына киришине ылайык ага өткөрүп берүүнү даярдоону;
2) комиссия карап чыккан маселелер жөнүндө жана тиешелүү комитетке берилген жана аларды комиссияда карап чыгуу аяктай элек маселелердин абалы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту даярдоону жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын атына берүүнү;
3) ойдогудай түрдө таризделген материалдарды жана архивде сакталууга тийиш болгон документтерди Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү кызматтарына берүүнү.
IV. Комиссиянын ишин чагылдыруу
4.1. Комиссиянын ишин чагылдыруу
4.1.1. Комиссия өз иши жөнүндө коомчулукка маалымдайт. Комиссиянын жыйналыштарына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
4.1.2. Комиссиянын учурдагы иши жөнүндө маалымат жана ал кабыл алган чечимдер Интернет маалымат тармагында Жогорку Кеңештин расмий веб-сайтына, "Эркин Тоо" газетасына, башка жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылат.
4.1.3. Комиссия өз иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте Жогорку Кеңештин Интернет маалымат тармагындагы расмий веб-сайтындагы, "Парламент" парламенттик радиосундагы, "Парламент" телеберүүсүндөгү өзүнүн веб-барактары аркылуу жана башка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу таратууга укуктуу.
4.1.4. Комиссиялар Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жардамы менен өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча пресс-конференцияларды өткөрүүгө укуктуу.
V. Жогорку Кеңештин комиссиясынын функциялары
5.1. Комиссиянын уюштуруу функциясы
5.1.1. Комиссиянын уюштуруу функциялары төмөнкүлөрдө турат:
1) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча максаттарга жетишүү жана милдеттерди чечүү үчүн өз ишин пландаштырууда;
2) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди талдоо үчүн маалыматтарды чогултууну уюштурууда;
3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана Жогорку Кеңештин Регламентинин 110-беренесинин жоболорун колдонууну талап кылбаган башкаларга комиссиянын суроо-талаптарын даярдоону уюштурууда;
4) Жогорку Кеңештин Регламентинин 110-беренесине ылайык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жана башкаларга парламенттик суроо-талаптарды даярдоодо жана Жогорку Кеңештин кароосуна коюуда;
5) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди Жогорку Кеңештин жыйналышына даярдоодо;
6) комиссиянын ишинин маселелерин Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибине коюу үчүн аны түзүүгө катышууда;
7) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди иликтөө жана изилдөө үчүн тегерек столдорду, фокус-топтук дискуссияларды уюштурууда;
8) чечимдерди кабыл алуу үчүн комиссиянын жыйналыштарын, корутундуларды, сунуштамаларды уюштурууда;
9) белгиленген тартипте комиссияга келип түшкөн кайрылууларды карап чыгууда;
10) өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчётторду даярдоодо;
11) өз ишин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууну камсыз кылууда.
5.2. Комиссиянын изилдөө функциясы
5.2.1. Комиссиянын изилдөө функциясы төмөнкүлөрдө турат:
1) коюлган максаттарга жетишүү жана жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн анын ыйгарым укуктарына кирген маселелердин чөйрөсүн иликтөөдө жана изилдөөдө;
2) комиссиянын алдына коюлган максаттарга жетишүүгө жана милдеттерди чечүүгө багытталган маселелерди субъекттердин алдына коюу менен маалыматы бар алардан маалыматты угууда;
3) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча маалыматы бар субъекттерден алынган маалыматты талдоодо;
4) жарандардын, жарандык коом уюмдарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын документтерин, ЖМКга жарыяланган макалаларын, кайрылууларын жана комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер жөнүндө маалымат камтылган башка материалдарды, анын ичинде электрондук булактардагы материалдарды иликтөөдө;
5) иликтенген документтерден жана башка материалдардан алынган, анын ичинде электрондук булактарда камтылган маалыматты талдоодо;
6) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча, билимдин, илимдин, техниканын тиешелүү тармактарындагы адистерден, эксперттерден алынган маалыматты (алардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрүн, комиссиянын жыйналышындагы консультацияларды) талдоодо;
7) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынан, жарандык коом уюмдарынан, жарандардан комиссиянын суроо-талаптары боюнча алынган маалыматты талдоодо;
8) комиссиянын карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын ишинде мыйзам актыларын колдонуу практикасын талдоодо, тиешелүү корутундуларды жана сунуштамаларды даярдоодо жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүдө;
9) мамлекеттик каражаттарды мыйзамдарда белгиленген тартипте пайдалануунун максатка ылайыктуулугун, үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген предметтер жаатындагы маселелерди изилдөөдө;
10) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер келип чыгышына түрткү болгон себептерди жана шарттарды иликтөөдө жана талдоодо.
VI. Уюштуруу функцияларын жүзөгө ашырууда комиссиянын укуктары жана милдеттери
6.1. Маалыматты алууга комиссиянын укуктары
6.1.1. Комиссия өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча маалыматтарды алууга, иликтөөгө, изилдөөгө укуктуу.
6.1.2. Комиссия өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон материалдарды жана документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан, алардын кызмат адамдарынан мыйзамда белгиленген тартипте алууга укуктуу.
6.1.3. Комиссия өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин Төрагасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Жогорку Кеңештин органдарына, мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга менчигинин түрүнө карабастан кайрылууга укуктуу. Комиссиянын кайрылуулары депутаттык кайрылуулар үчүн "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте каралат.
6.1.4. Комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарына кирген маселелерди карап чыгуу учурунда Жогорку Кеңешке берилүүчү маалыматты алууга укуктуу.
6.2. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күн тартибин түзүүгө комиссиянын катышуусу
6.2.1. Комиссия өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын күн тартиби боюнча сунуштарды берет, жыйналыштарда Жогорку Кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте баяндама (кошумча баяндама) жасай турган баяндамачыларды (кошумча баяндамачыларды) аныктайт.
6.3. Комиссия депутаттык суроо-талаптарга жоопторду, корутундуларды, түшүндүрмөлөрдү бериши
6.3.1. Комиссияга келип түшкөн депутаттык суроо-талапка жооп "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте берилет.
6.3.2. Комиссия Жогорку Кеңештин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын тапшырмасы боюнча, өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча мыйзамда белгиленген тартипте комиссияга берилген сунуштар боюнча корутундуларды даярдайт.
6.4. Комиссияда кайрылууларды кароо
6.4.1. Комиссияга келип түшкөн кайрылууларды комиссиянын төрагасы же анын тапшыруусу боюнча төраганын орун басары же комиссиянын башка мүчөлөрү мыйзамдарда аныкталган тартипте жана мөөнөттөрдө карайт.
VII. Изилдөө функцияларын жүзөгө ашырууда комиссиянын укуктары жана милдеттери
7.1. Өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча комиссия мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын ишинде мыйзам актыларын колдонуу практикасын талдоо
7.1.1. Комиссия өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын колдонушунун практикасын талдоону, алар кабыл алган мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актылар мыйзамга шайкештигин, алар өз учурунда кабыл алынышын талдоону жүргүзөт. Мындай талдоонун натыйжалары боюнча комиссия Жогорку Кеңеш аркылуу мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына мыйзамга караштуу ченемдик укуктук актыны мыйзамдарга ылайык келтирүү боюнча сунуштамаларды киргизет.
7.1.2. Комиссиянын мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган сунуштамаларын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары, милдеттүү түрдө кароого тийиш. Карап чыгуунун натыйжалары жана көрүлгөн чаралар жөнүндө, эгерде тиешелүү сунуштамаларда алда канча кеч мөөнөт белгиленбесе, мыйзамда белгиленген мөөнөттө комиссияга билдирилүүгө тийиш.
7.2. Комиссиянын Жогорку Кеңештеги "өкмөттүк күндү" жана "өкмөттүк саатты" өткөрүүгө катышуусу
7.2.1. Комиссия Жогорку Кеңеште "өкмөттүк күндү" жана "өкмөттүк саатты" өткөрүү жөнүндө маселени даярдоодо төмөнкүлөргө укуктуу:
1) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери, мамлекеттин ички жана тышкы саясаты менен байланышкан маселелер боюнча маалыматты угуу максатында комиссияга мүчө депутаттар Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомунун долбоорун киргизүүсү аркылуу комиссиянын чечими менен демилгелөөгө;
2) аларды өткөрүү учурунда өкмөт мүчөсүнөн же тиешелүү аткаруу бийлик органынын жетекчисинен комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелерге жооптуу алууга;
3) комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди талкуулоо учурунда өз өкүлүнүн сөз сүйлөшүнө;
4) Жогорку Кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте суроолорду жана жоопторду тактоо үчүн өз өкүлүнүн сөз сүйлөшүнө.
7.2.2. Комиссия Жогорку Кеңештин макулдугу менен "өкмөттүк күндү" жана "өкмөттүк саатты" өткөргөнгө чейин беш күндөн кечиктирбестен, эгерде алардын комиссиянын ишине тиешеси бар болсо, Өкмөт берген талдоо жана маалыматтык материалдарды талдоого милдеттүү.
7.2.3. Комиссия жооп алуу үчүн, эгерде комиссиянын карамагына кирген маселелер "өкмөттүк күндүн" жана "өкмөттүк сааттын" тематикасына байланыштуу болсо, аларды түзөт жана аларды Жогорку Кеңештин Аппаратына аларды өткөрүүгө чейин жети күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө берет.
7.3. Комиссиянын суроо-талаптарын Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүү
7.3.1. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине парламенттик суроо-талап жөнүндө чечим кабыл алууга жана бул суроо-талапты Жогорку Кеңештин Регламентинин 110-беренесинде белгиленген тартипте жөнөтүү үчүн Жогорку Кеңешке берүүгө акылуу.
7.4. Комиссиянын Эсептөө палатасы, Акыйкатчы (Омбудсмен) менен өз ара аракеттенүүсү
7.4.1. Комиссия, эгерде анын ыйгарым укуктарына кирген маселелер Эсептөө палатасынын катышуусу менен чечилиши мүмкүн болсо, Эсептөө палатасы менен өз ара аракеттенет.
7.4.2. Комиссия өз ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузуу жөнүндө маалыматтардын негизинде Акыйкатчыга (Омбудсменге), мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат же кызматтык адамдарына кайрылууга укуктуу.
7.5. Мыйзамдуулуктун бузулушуна комиссиянын аракети
7.5.1. Комиссия адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери мамлекеттин таламдары, мыйзам тарабынан корголуучу аймактык көз карандысыздыгы бузулгандыгын тапкан учурда комиссия мындай материалдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү аракет көрүү үчүн Жогорку Кеңештин органдарына, мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жөнөтөт.
VIII. Комиссиянын жетекчилиги, түзүмү
8.1. Комиссиянын төрагасы жана төрагасынын орун басары
8.1.1. Комиссиянын төрагасы комиссиянын ишин уюштурат. Комиссиянын төрагасы жокто анын ишин комиссиянын төрагасынын орун басары уюштурат.
8.1.2. Комиссиянын төрагасы:
1) өзүнүн, комиссиянын төрагасынын орун басарынын жана комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү боюнча сунуштарды комиссиянын жыйналышына киргизет;
2) комиссиянын ишинин планын түзүүнү камсыз кылат;
3) комиссиянын ишинин график планын аткарууну камсыз кылат;
4) комиссиянын жыйналыштарында төрагалык кылат;
5) жыйналыш өткөрүү жана анын күн тартиби жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө билдирүүнү уюштурат;
6) зарылчылык болгон учурда комиссиянын ишине катышуу үчүн адистерди чакырат;
7) комиссиянын жыйналыштарынын актыларына жана протоколдоруна кол коет;
8) Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Төрагасынын орун басарлары, Жогорку Кеңештин комитеттери, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандардын бирикмелери менен, ошондой эле зарылчылык болгон учурда чет мамлекеттердин парламенттеринин тиешелүү органдары жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат;
9) комиссиянын чечимдерин аткарууну уюштурат жана аларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
10) комиссиянын иши жөнүндө отчетту даярдоону уюштурат;
11) өзүнүн жыйналыштарында каралган маселелер боюнча комиссиянын иши жөнүндө Жогорку Кеңешке баяндама жасайт;
12) Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүмдөрү менен комиссиянын ишинин өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
13) уюштуруу маселелери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басарына тапшырма берет;
14) комиссиянын катчылыгына жалпы жетекчиликти камсыз кылат;
15) комиссияга келип түшкөн расмий документтер, каттар жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт, ошондой эле комиссиянын ишине тиешелүү башка билдирүүлөрдү жасайт;
16) комиссиянын жыйналыштарында алардын мүчөлөрү жүйөлүү себепсиз жок экендиги жөнүндө Жогорку Кеңеште тиешелүү фракцияларга ай сайын маалымдайт;
17) Жогорку Кеңештин Регламентинде, Жогорку Кеңештин чечимдеринде, ушул Жободо жана Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемелеринде каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
8.1.3. Комиссиянын төрагасы жана комиссиянын катчысы (комиссиянын мүчөсү) Жогорку Кеңештин чакырылышынын мөөнөтүндө бир айдын ичинде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) комиссияда кароого, Жогорку Кеңешке өткөрүп берүүгө даярдалып жаткан маселелер боюнча материалдарды даярдоону;
2) комиссия карап чыккан маселелер жөнүндө жана Жогорку Кеңешке берилген, комиссияда карап чыгуу аяктай элек маселелердин абалы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчётту даярдоону жана аны Жогорку Кеңештин Төрагасынын атына берүүнү;
3) ойдогудай түрдө таризделген материалдарды жана архивде сакталууга тийиш болгон документтерди Жогорку Кеңештин Аппаратынын тиешелүү кызматтарына берүүнү.
8.2. Комиссиянын катчылыгы
8.2.1. Комиссиянын катчысы комиссиянын тизмедеги курамынан комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрү тарабынан комиссия мүчөлөрүнүн ичинен шайланат.
8.2.2. Комиссиянын төрагасы жана төрагасынын орун басары кирген фракциядагы комиссиянын мүчөсү комиссиянын катчысы болуп шайлана албайт.
8.2.3. Комиссиянын катчысы:
1) комиссиянын иш планынын долбоорун түзүүгө катышат;
2) комиссиянын иштеринин план-графигин жана жыйналыштарынын тизимин түзүүгө катышат;
3) комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүүнү контролдойт, жыйналыштарынын протоколдоруна кол коет;
4) комиссия өткөрүүчү жыйналыштарды жана башка иш-чараларды даярдоону, алардын катышуучуларын келүүсүн жана аларга зарыл материалдарды берүүнү уюштурат;
5) комиссиянын жыйналыштарын жана жыйналыштарга катышуучулардын эсебин жүргүзөт;
6) комиссиянын чечимдеринин аткарылышын контролдойт;
7) комиссиянын иш пландарынын аткарылышын контролдойт;
8) комиссиянын иши жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетторду жана башка материалдарды даярдоого катышат.
Комиссиянын катчысы жүйөөлүү себептер менен болбогон учурда анын милдеттери комиссиянын төрагасы жана төрагасынын орунбасары мүчө болгон фракцияда турбаган анын мүчөлөрүнүн бирине убактылуу жүктөлүшү мүмкүн.
8.3. Комиссия мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
8.3.1. Комиссия мүчөлөрү бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
8.3.2. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) комиссиянын жыйналыштарында анын ыйгарым укуктарына киргизилген кайсы болбосун маселени кароо жөнүндө сунуш киргизүүгө, ошондой эле чечимдерди, корутундуларды, сунуштамаларды талкуулоого, аларды кабыл алууга же четке кагууга катышууга. Комиссия мүчөлөрүнүн сунушуна анын талабы боюнча жыйналышта добуш берилүүгө тийиш;
2) өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө комиссиянын чечимине, сунуштамасына жана корутундусуна тиркеме берүүгө;
3) Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңешинин актыларынын долбоорлорун даярдоого катышууга.
8.3.3. Комиссия мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) комиссиянын ишине катышууга;
2) комиссиянын жыйналыштарына катышууга;
3) комиссиянын жыйналыштарында тартипти сактоого;
4) комиссиянын чечимдеринде, сунуштамаларында каралган тапшырмаларды аткарууга.
8.4. Комиссия мүчөлөрүнүн иш сапарлары
8.4.1. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын төрагасынын уруксаты боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарына киргизилген маселелерди чечүү үчүн иш сапарларга чыгышы мүмкүн.
8.4.2. Комиссия мүчөлөрүнүн иш сапары анын Жогорку Кеңештин Төрагасынын ысмына берилген, комиссиянын төрагасы менен макулдашылган жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде же болбосо комиссиянын чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөсүн (мүчөлөрүн) комиссиянын чечимине ылайык иш сапарга жиберүү жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына сунуштама киргизет. Комиссия мүчөлөрүнүн иш сапары жөнүндө чечимди Жогорку Кеңештин Төрагасы тескеме формасында кабыл алат.
8.4.3. Иш сапардын натыйжалары жөнүндө комиссия мүчөлөрү комиссиянын төрагасынын ысмына отчет түзөт.
8.4.4. Комиссиянын төрагасы Жогорку Кеңештин Төрагасынын же анын орун басарларынын уруксаты менен иш сапарларга чыгышы мүмкүн.
Өз иш сапары жөнүндө отчетту ал Жогорку Кеңештин Төрагасынын ысмына берет.
8.4.5. Жогорку Кеңештин ар бир депутаты комиссия мүчөсүнүн иш сапарынын натыйжалары жөнүндө отчет менен Жогорку Кеңештин Аппаратында таанышууга укуктуу.
IX. Комиссиянын ишин уюштуруу
9.1. Комиссиянын ишин пландаштыруу
9.1.1. Комиссия өз ишин ал түзүлгөн бардык мезгилге пландайт.
9.1.2. Комиссиянын иш пландары комиссиянын иши башталганга чейин комиссиянын чечими менен бекитилет.
9.1.3. Комиссиянын иш пландарында иш-чаралар, алардын мөөнөттөрү, иш-чаралардын аткарылышы үчүн жооптуу комиссия мүчөлөрү, планда каралган иш чараларды даярдоого жана аткарууга тартылган Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери аныкталат.
9.2. Комиссиянын ишинин формалары
9.2.1. Комиссиянын ишинин формалары болуп комиссиянын жыйналыштары саналат.
9.2.2. Комиссиянын жыйналыштары ачык же жабык болушу мүмкүн.
9.2.3. Комиссиянын жыйналыштары көчмө же болбосо Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери менен биргелешкен түрдө болушу мүмкүн.
9.2.4. Комиссия "тегерек столдорду", конференцияларды, фокус-топтук дискуссияларды жана өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-чараларды уюштура алат.
9.3. Комиссиянын жыйналыштарын чакыруу
9.3.1. Комиссиянын жыйналышын комиссиянын төрагасы комиссия бекиткен иш пландын, Жогорку Кеңештин же болбосо анын Жогорку Кеңештин Төрагасынын тапшырмасынын негизинде же өзүнүн демилгеси боюнча чакырат.
9.3.2. Комиссиянын төрагасы, комиссия мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин талабы боюнча комиссиянын жыйналышын чакырууга милдеттүү. Эгерде комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн талабы боюнча жыйналышты чакырбаса, алар кворум болгондо өз алдынча чогула алат жана бул жыйналышты алып баруу үчүн төрагалык кылуучуну шайлай алат.
9.3.3. Комиссиянын жыйналыштарынын тизими кеминде эки апталык мөөнөткө комиссиянын төрагасы тарабынан, Жогорку Кеңештин календардык иш планын, Жогорку Кеңештин, анын Төрагасынын тапшырмаларын, маселелерди даярдоонун абалын эсепке алуу менен түзүлөт жана комиссиянын жыйналышында бекитилет.
9.3.4. Комиссиянын жыйналыштарынын тизиминдеги өзгөрүүлөр жөнүндө комиссиянын төрагасы комиссия мүчөлөрүнө жыйналышка чейин 4 күн мурда кабарлайт.
9.3.5. Комиссиянын жыйналышынын күн тартибине кошумча түрдө, эгерде комиссиянын жыйналышына катышып жаткан мүчөлөрүнүн кеминде жарымы талап кылса, алдын ала даярдоону талап кылбаган маселелер киргизилиши мүмкүн.
9.3.6. Комиссиянын пландаштырылган 3 жыйналышы болбой калса, Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу маселеси карамагына берилген комитеттин чечими боюнча, Конституцияга, Жогорку Кеңештин Регламентине жана ушул Жобого ылайык комиссиянын төрагасынын комиссиянын иши жөнүндө отчету тууралуу Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору киргизилет. Бул маселени талкуулоонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдү кабыл алышы мүмкүн:
1) комиссиянын төрагасын кайра чакыртып алуу жөнүндө чечимди;
2) комиссиянын төрагасынын орун басарын кайра чакыртып алуу жөнүндө чечимди;
3) комиссияны жоюу жөнүндө чечимди;
4) Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган башка чечимди.
9.4. Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүнүн тартиби
9.4.1. Эгерде комиссиянын жыйналышында анын Жогорку Кеңеш бекиткен курамындагы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, жыйналыш укуктуу болуп саналат.
9.4.2. Комиссиянын жыйналышы, комиссиянын чечими боюнча жабык жыйналыш өткөрүлгөн учурлардан башка учурларда ачык жана айкын өткөрүлөт. Үн жазып алууну, кино жана видео тартууну жүзөгө ашыруу, жыйналышты радио жана телекөрсөтүү аркылуу алып берүү комиссиянын жыйналышында төрагалык кылуучунун макулдугу менен жүргүзүлөт. Эгерде комиссия мүчөлөрүнүн бири жыйналышта төрагалык кылуучунун макулдугун тигил же бул маселе боюнча колдобосо, комиссиянын чечими кабыл алынат. Үн жазып алуу, кино жана видео тартуу, жыйналышты радио жана телекөрсөтүү аркылуу алып берүү жүзөгө ашырылып жаткандыгы жөнүндө төрагалык кылуучу күн тартибиндеги маселени кароонун алдында билдирет.
9.4.3. Жыйналышта добуш берүү комиссия мүчөлөрү тарабынан жеке өзү үчүн жана ачык жүзөгө ашырылат. Ачык добуш берүүдө анын натыйжаларын эсептеп чыгаруу жыйналышта төрагалык кылуучу аныктаган комиссия мүчөсү тарабынан жүзөгө ашырылат. Добуш берүүнүн натыйжалары "макул", "каршы", "калыс" деген добуштардын санын көрсөтүү менен жыйналыштын протоколуна киргизилет. Комиссиянын жыйналышында катышып жаткан комиссия мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн бири колдогон сунуш боюнча жыйналыштын протоколуна добуш берүүнүн атын атаган натыйжалары киргизилет.
Мыйзам менен белгиленген учурларда бюллетендерди берүү жолу менен жашыруун-жабык добуш берүү жүргүзүлөт.
9.4.4. Комиссиянын жыйналыштарында маселелерди кароонун натыйжалары боюнча, ушул Жободо каралуучу учурларды кошпогондо, ушул Жобонун 7.9-пунктунда көрсөтүлгөн актылар катышып жаткандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.4.5. Комиссия кабыл алган актылар, эгерде Жогорку Кеңеш бекиткен комиссиянын курамынын көпчүлүгү добуш берсе, кайра каралышы мүмкүн. Тийиштүү маселе боюнча Жогорку Кеңеш чечим кабыл алган учурларда комиссиянын актыларын кайра кароого жол берилбейт.
9.4.6. Комиссиянын ишинин ушул Жободо каралбаган жол-жоболук маселелери Жогорку Кеңештин Регламенти менен жөнгө салынат.
9.5. Комитеттин жана комиссиянын биргелешкен жыйналышын өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
9.5.1. Тийиштүү комитеттин жана комиссиянын биргелешкен жыйналышы Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча чакырылат.
9.5.2. Тийиштүү комитеттин жана комиссиянын биргелешкен жыйналышын ушул комитеттин төрагасы алып барат.
9.5.3. Тийиштүү комитеттин жана комиссиянын биргелешкен жыйналышында талкуулануучу маселелер боюнча добуш берүү комитетте жана комиссияда өз-өзүнчө жүргүзүлөт.
9.5.4. Тийиштүү комитеттин жана комиссиянын биргелешкен жыйналышында кабыл алынган актыларга алардын төрагалары кол коёт.
9.6. Комиссиянын жабык жыйналышын өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
9.6.1. Жабык жыйналышта комиссия мүчөлөрүнөн башка, комиссиянын чечими боюнча, чакырылган адамдар жана анын ишин камсыздоочу комиссия катчылыгынын кызматкерлери катышуусу мүмкүн.
9.6.2. Комиссиянын жабык жыйналышына катышуучулар жеткиликтүүлүгү чектелген алынган маалыматты таркатпоо жөнүндө жана мыйзамга ылайык жоопкерчилик тууралуу эскертилет.
9.7. Комиссия мүчөлөрүнүн комиссиянын жыйналыштарына катышуусу
9.7.1. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын жыйналышына өзү катышууга милдеттүү.
9.7.2. Комиссия мүчөлөрү жыйналышка катышууга мүмкүн болбой жаткандыгы жөнүндө комиссиянын жетекчилигине алдын-ала билдирүүгө милдеттүү.
9.7.3. Комиссиянын жыйналышында комиссия мүчөлөрүнүн жүйөөлүү себептерсиз болбогондугу жөнүндө маалымат ар ай сайын Жогорку Кеңештеги тийиштүү фракцияларга берилет.
9.8. Чакырылган адамдардын комиссиянын жыйналышына катышуусу
9.8.1. Комиссия өзүнүн жыйналышына биринчи вице-премьер-министрди, вице-премьер-министрлерди, министрлерди, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, жарандар бирикмелеринин жетекчилерин, ошондой эле алардын кызмат адамдарын чакырууга, алардан күн тартибиндеги маселелерди кароо үчүн зарыл түшүндүрмөлөрдү алууга укуктуу.
9.8.2. Комиссия 9.8.1-пунктта көрсөтүлгөн адамдардын комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароодо Жогорку Кеңештин жыйналышында катышуусу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүгө укуктуу.
9.8.3. Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелерди кароо үчүн анын жыйналышына илимий кызматкерлер, консультанттар жана эксперттер, адис-практиктер жана башка адамдар чакырылышы мүмкүн.
9.8.4. Комиссия жыйналыш өткөрүлүүчү күнгө чейин үч күндөн кечиктирбестен өкүлдөрү жыйналышта катышуусу зарыл деп эсептеген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, жарандар бирикмелеринин жетекчилерин жыйналыштын убагы, орду, жыйналышта каралуучу маселелердин тизмеги жөнүндө жазуу жүзүндө кабардар кылууга милдеттүү.
9.8.5. Кабардамаларда комиссиянын жыйналышына чакырылган адамдардын кайсы маселе боюнча чакырылып жаткандыгы көрсөтүлөт.
9.9. Комиссиянын актылары
9.9.1. Комиссиянын жыйналыштарында маселелерди кароонун натыйжалары боюнча төмөндөгүлөр кабыл алынат:
1) чечимдер - уюштуруу маселелери боюнча;
2) корутундулар - Жогорку Кеңештин Регламентинде же болбосо комиссия тарабынан иликтенген, изилденген маселе жагындагы мыйзамда каралган учурларда;
3) сунуштамалар - комиссия тарабынан иликтенген, изилденген маселени чечүү тартиби боюнча.
9.10. Комиссиянын чечимдерин, корутундуларын жана сунуштамаларын тариздөө
9.10.1. Комиссиянын чечимдеринде, корутундуларында жана сунуштамаларында алар кабыл алынган маселе, аны кароонун датасы жана жыйналыштын протоколдорунун номерлери көрсөтүлөт.
9.10.2. Комиссиянын чечими, корутундусу жана сунуштамасы жүйөлөөчү жана резолюциялык бөлүктөрдөн турат.
9.10.3. Чечимдердин, корутундулардын, сунуштамалардын жүйөлөөчү бөлүгүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) маселе кимдин тапшырмасы же демилгеси боюнча каралгандыгы;
2) маселенин каттоо номери аны Жогорку Кеңештин жана комиссиянын кароосуна киргизүүнүн датасы;
3) маселе боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын корутундулары, эксперттик корутундулар, Жогорку Кеңештин комитеттеринин корутундулары дагы ушул сыяктуулар бар экендиги;
4) маселени кароонун натыйжаларына таасир кылган башка документтердин тизмеги;
5) кабыл алынган чечимдин, корутундунун, сунуштаманын негиздөөлөрү жана жүйөөлөрү.
9.10.4. Чечимдердин, корутундулардын, сунуштамалардын резолюциялык бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) маселени комиссиянын кароосунун натыйжалары боюнча - Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү жөнүндө жана Жогорку Кеңештин Регламентинин талаптарына ылайык андан ары чечим кабыл алуусу жөнүндө комиссиянын позициясы;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берген адамдарга карата маселени кароонун натыйжалары боюнча - материалдарды ушундай маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктуу тийиштүү мамлекеттик органдын кароосуна жөнөтүү жөнүндө комиссиянын позициясы.
9.10.5. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын жана кызматчыларынын ишин иликтөөдө комиссиянын сунуштамаларында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Мыйзам актыларынын жоболору бузулгандыгы же болбосо тийиштүү орган же кызмат адамы, кызматчы тарабынан талаптагыдай эмес аткарылгандыгын ырастоочу фактыларды көрсөтүү менен;
2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же болбосо кызмат адамынын, кызматчынын ишине оң же терс баа берүү;
3) комиссия айкындаган мыйзам актыларын бузууларды четтетүү үчүн жүзөгө ашыруу зарыл болгон чаралар, айыптуу жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштар.
9.11. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдорун тариздөө
9.11.1. Комиссиянын ар бир жыйналышында жыйналыштын протоколу жана стенограммасы жүргүзүлөт, алар комиссиянын чечимин, корутундусун, сунуштарын талкуулоо жана кабыл алуу процессин тастыктаган расмий документ болуп саналат.
9.11.2. Комиссиянын жыйналышынын протоколунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) протоколдун номери, жыйналышты өткөрүүнүн датасы, убагы жана орду;
2) жыйналышта төрагалык кылуучунун фамилиясы, жыйналышка катышкан жана катышпаган комиссия мүчөлөрүнүн тизмеси, алардын катышпагандыгынын себептерин көрсөтүү менен, жыйналышка чакырылган жана катышкан адамдардын тизмеси;
3) жыйналыштын күн тартиби;
4) күн тартибинин каралган маселелери, жыйналышта чыгып сүйлөгөн комиссия мүчөлөрүнүн жана чакырылган адамдардын тизмеси;
5) комиссиянын жыйналышында каралган же комиссия мүчөлөрүнө таркатылган документтердин аталыштары;
6) күн тартибиндеги маселелер боюнча добуш берүүнүн натыйжалары;
7) кабыл алынган чечимдер, корутундулар, сунуштамалар.
9.11.3. Протоколго жыйналыштын стенограммасы, комиссия кабыл алган актылар, ошондой эле ар бир маселени угууда каралган материалдар топтун жазуу жүзүндө баяндалган позициясы катары берилсе, "каршы" добуш берген же калыс калган комиссия мүчөлөрүнүн жазуу жүзүндө берилген өзгөчө пикири.
9.11.4. Комиссиянын жыйналышынын протоколуна жыйналышта төрагалык кылуучу жана комиссиянын катчысы кол коет.
9.11.5. Комиссиянын жыйналыштарынын протоколдору жана стенограммалары белгиленген тартипте сакталат жана эгерде мыйзамда, Жогорку Кеңештин Регламентинде же Жогорку Кеңештин токтомунда комиссиянын документтери менен таанышуунун башкача тартиби белгиленбесе, Жогорку Кеңештин депутатынын кайрылуусу боюнча таанышуу үчүн берилет.
9.12. Комиссиянын иши жөнүндө отчёттор
9.12.1. Комиссия Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган учурларда өзүнүн иши жөнүндө Жогорку Кеңешке отчёт берет.
9.12.2. Маселени иликтөө аяктаганда комиссиянын иш планын аткаруу жөнүндө жана башка иш-аракети жөнүндө маселени комиссия карайт жана өзүнүн ишинин жыйынтыктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчётту чечим кабыл алуу жолу менен бекитет.
X. Комиссиянын ишин камсыздоо
10.1. Комиссиянын ишин камсыздоо
10.1.1. Комиссиянын ишин жалпы камсыздоону Жогорку Кеңештин Аппараты төмөнкүдөй багыттарда жүзөгө ашырат:
- комиссиянын жыйналыштарын стенограммалар менен камсыздоону стенограммаларды жүргүзүүгө жана чыгарууга жооптуу түзүмдүк бөлүкчө камсыз кылат;
- комиссиянын жыйналышын үндүк коштоо системасы, синхрондук которуу жана стенограммаларды үн жазуу менен камсыздоону маалыматтык камсыздоого жооптуу түзүмдүк бөлүкчө камсыз кылат;
- укуктук камсыздоону (зарыл болгон учурда) Юридикалык бөлүм;
- комиссиянын ишин чагылдырууну Басма сөз кызматы камсыз кылат.
10.2. Комиссиялардын катчылыктарынын укуктук статусу
10.2.1. Комиссиянын ишин камсыз кылуучу негизги орган болуп комиссиянын катчылыгы саналат.
10.2.2. Жогорку Кеңештин комиссиясынын катчылыгы Жогорку Кеңештин Аппаратынын убактылуу түзүмдүк бөлүгү болуп саналат, ал өз ишин комиссиянын төрагасынын жетекчилигинде жүзөгө ашырат.
10.2.3. Комиссиянын катчылыгы комиссиянын тизмелик курамына кирген депутаттардын жардамчыларынан жана/же консультанттарынан түзүлөт.
Комиссиянын катчылыгынын жетекчисин комиссиянын төрагасы аныктайт.
10.2.4. Комиссиянын чечими боюнча комиссиянын ишин консультациялык-укуктук камсыздоо үчүн катчылыктын курамына Аппараттын Юридика бөлүмүнүн кызматкери киргизилиши мүмкүн.
10.2.5. Комиссиянын катчылыгы комиссиянын ишин уюштуруучулук-маалыматтык, консультациялык-укуктук, усулдук камсыздоону, анын жыйналыштарын өткөрүүнү уюштурууну жана комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарына кирген маселелерди чечүүгө байланышкан ишин уюштурууну тикелей жүзөгө ашырат.