Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-июну № 635-VI
2016-2025-жылдары өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн артыкчылыгы жөнүндө
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун, айыл чарбасын өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн жана мамлекеттин жана коомдун өнүгүшүнүн туруктуулугун камсыздоо максаттарында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, айыл чарбасына дем берүү жана коюлган максаттарга жетишүү үчүн ага мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу 2016-2025-жылдары экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары деп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн концепциясын жана планын иштеп чыксын жана 2016-2025-жылдары ага мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыз кылсын;
2) ушул токтомдо жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү концепциясында каралган негизги иш-чараларды аткаруу, ошондой эле республикалык бюджетте аларды каржылоо көлөмдөрүн жана булактарын көрсөтүү менен 2016-2025-жылдары ага мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү камсыздоо үчүн финансы каражаттарын бөлсүн;
3) айыл чарбасын, айылдык кооперативдерди жана кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү, анын финансы каражаттарын кайра түзүү, айыл чарба продукциялары, чийки заттар, азык-түлүк рыногун жөнгө салуу, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо каралган мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча программаны иштеп чыксын;
4) айыл чарба чөйрөсүндө:
- малдарды идентификациялоо процессин тездетсин, мал башынын (түрлөрү, жашы, регионалдык белгилери жана башка көрсөткүчтөр боюнча) эсебин алуунун маалыматтык тутумун түзсүн;
- заманбап технологияларды пайдалануу менен балык чарбасынын продукциясынын көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзсүн;
- канаттуулар чарбаларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзсүн;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүккө заманбап технологияларды киргизүүнүн, аны адистештирүүнүн, региондордо үрөнчүлүк чарбаларын өнүктүрүүнүн негизинде өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзсүн;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүккө заманбап технологиялардын жетишкендиктеринин негизинде тамчылатып сугаруу тутумун массалык колдонууну киргизсин;
- айдоо жерлеринин жаңы сугат аянттарын киргизсин;
- айыл чарба өндүрүшүнүн тобокелдиктерин камсыздандыруу механизмдерин киргизсин;
- өстүрүлгөн продукциялардын логистикалык сактагыч жайларынын тутуму менен бирге күнөскана чарбаларынын комплекстерин киргизсин жана өнүктүрсүн;
- био-, агро-, фито-ветеринардык лабораториялардын комплекси менен айыл чарба продукциялары үчүн логистикалык сактоо жайларын, атап айтканда чегарага чектеш конуштарга жакын жайлардын курулушун өнүктүрсүн;
- эл аралык стандарттарга жооп берген айыл чарба продуктыларын өстүрүү, кайра иштетүү жана андан ары сатуунун класстердик ыкмаларын республиканын региондоруна киргизүү жөнүндө маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу машина-трактордук станцияларды түзүү жөнүндө маселени карасын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кооперативдерге бириктирүү үчүн шарттарды түзсүн;
- айылдык кооперативдерге караштуу агротехсервистерди түзүү жөнүндө маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тамак-аштын негизги продуктыларынан тамак-аш продуктыларынын эки түрү боюнча каржылоого жыл сайын артыкчылык берсин;
- мамлекеттик резервдердин корлорун камсыздоо үчүн жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк товарларын сатып алууну киргизсин;
- мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү керектөөлөрүн камсыздоо үчүн жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк товарларын сатып алууну киргизсин;
5) айыл чарба чөйрөсүндөгү кредиттер жана субсидиялар боюнча карыздары бар субъектилердин тизмесин тактасын;
6) кредиттөө боюнча:
- фермерлердин жана айылдык жашоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн айыл жерлеринде финансылык-кредиттик мекемелердин тармагын кеңейтүү боюнча маселени карасын;
- бизнес-долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн "Айыл Банк" ААКсына, "РСК" ААКсына караштуу долбоордук өкүлчүлүктөрдү түзүү жөнүндө маселени карасын;
- айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр жана тамак-аш ишканалары жана кайра иштетүүчү өнөр жайы үчүн узак мөөнөттүү жана жеңилдетилген кредиттөө механизмдерин киргизсин;
- айыл чарба чөйрөсүндө "Айыл Банк" ААКсынын, "РСК" ААКсынын кредиттик портфелдеринин көлөмүн көбөйтүү жөнүндө маселени карасын;
- жылдын кайсы гана мезгили болбосун айыл чарбасы боюнча кредиттерди берүү жөнүндө маселени карасын;
- күрөө мүлкүнүн наркын баалоодо мүлктүн рыноктук наркынан 75 пайызга чейин күрөө мүлкүн баалоо мүмкүнчүлүгүн карасын;
- айыл чарба техникаларын сатып алуу жаатында айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө колдоо көрсөтүү максаттарында "КыргызЛизинг" компаниясын түзүү жана анын иштөө маселесин карасын жана республикалык бюджетте тиешелүү каражаттарды алдын-ала карасын;
- кошумча күрөө мүлкүн бербей туруп лизинг алуучунун өздүк салымынын өлчөмүн лизинг предметинин наркынан 30 пайыздан 10 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча маселени карасын;
- лизингдик акы төлөө мөөнөттөрүн 15 жылга чейин көбөйтүү жана пайыздык ставкаларды 5 пайызга чейин азайтуу жөнүндө маселени карасын;
7) банктарда мамлекеттик үлүштүн 30 пайыздан ашык мамлекеттик жана муниципалдык үлүшү бар айыл чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды тейлөө жөнүндө маселени карасын;
8) айыл чарба чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берсин жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ветеринардын жана агрономдун штаттык бирдигинин түзүмүнө киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттерине жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Н. Алимбеков |