Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну № 715-VI
"2016-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Сот тутумун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 9-июнундагы № 308 токтому) "2016-жылдын 3-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Сот тутумун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |