Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2000-жылдын 9-ноябры № 658
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Айыл чарба жерлерин, короо жанындагы жана дачадагы жер участокторун пайдалануу укугу үчүн 2001-жылга бирдиктүү айыл чарба салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 177-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Айыл чарба жерлерин, короо жанындагы жана дачадагы жер участокторун пайдалануу укугу үчүн 2001-жылга бирдиктүү айыл чарба салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна макулдук берилсин. 2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин. 3. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин палаталары караган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министри С.О.Медеров жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору Т.Э.Өмүралиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалсын жана мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө аларга өзгөртүү киргизүү укугу берилсин.
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Айыл чарба жерлерин, короо жанындагы жана дачадагы жер участокторун пайдалануу укугу үчүн 2001-жылга бирдиктүү айыл чарба салыгынын базалык ставкалары жөнүндө
1-статья. Айыл чарба жерлерин пайдалануу укугу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгынын төмөнкүдөй базалык ставкалары бекитилсин:
----------------------------------------------------------------------- | Областтар менен |Бирдиктүү айыл чарба салыгынын ставкалары| | райондордун аталышы | (сом/га) | | |-----------------------------------------| | |сугат |кайрак|көп |чабынды |жайыттар| | |аянты |жер |жылдык |жерлер | | | | | |өсүмдүк-| | | | | | |төр | | | |---------------------------|-------|------|--------|--------|--------| | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | |---------------------------|-------|------|--------|--------|--------| |Кыргыз Республикасы | 596,6 | 81,17| 151,99| 75,99| 27,17| |(орточо) | | | | | | |Баткен областы (орточо) | 351 | 67,35| 126,13| 63,06| 22,54| |Баткен району | 351 | 67,35| 126,13| 63,06| 22,54| |Лейлек району | 351 | 67,35| 126,13| 63,06| 22,54| |Кадамжай району | 450 | 69,08| 129,36| 64,68| 23,12| |Жалал-Абад областы (орточо)| 596,9 | 81,17| 151,99| 75,99| 27,17| |Аксы району | 673,10| 91,53| 171,40| 85,70| 30,63| |Ала-Бука району | 673,10| 91,53| 171,40| 85,70| 30,63| |Базар-Коргон району | 660,40| 89,80| 168,17| 84,08| 30,06| |Ноокен району | 685,80| 93,26| 174,64| 87,32| 31,21| |Сузак району | 685,80| 93,26| 174,64| 87,32| 31,21| |Тогуз-Торо району | 508 | 69,08| 129,36| 64,68| 23,12| |Токтогул району | 546,10| 74,26| 139,06| 69,53| 24,85| |Чаткал району | 444,50| 60,45| | 56,59| 20,23| |Ысык-Көл областы (орточо) | 542,85| 86,35| 161,70| 80,85| 28,90| |Ак-Суу району | 629,71|100,17| 187,57| 93,79| 33,52| |Жети-Өгүз району | 531,99| 84,62| 158,47| 79,23| 28,32| |Ысык-Көл району | 488,57| 77,72| 145,53| 72,77| 26,01| |Тоң району | 412,57| 65,62| 122,89| 61,45| 21,96| |Түп району | 629,71|100,17| 187,57| 93,79| 33,52| |Нарын областы (орточо) | 342 | 69,08| 129,36| 64,68| 23,12| |Ак-Талаа району | 333,45| 67,35| | 63,06| 22,54| |Ат-Башы району | 316,35| 63,90| | 59,83| 21,39| |Жумгал району | 342 | 69,08| | 64,68| 23,12| |Кочкор району | 376,20| 75,99| | 71,15| 25,43| |Нарын району | 342 | 69,08| | 64,68| 23,12| |Ош областы (орточо) | 571,95| 77,72| 145,53| 72,77| 26,01| |Алай району | 533,82| 72,53| | 67,91| 24,28| |Араван району | 699,05| 94,99| 177,87| 88,94| 31,79| |Кара-Кулжа району | 546,53| 74,25| 139,06| 69,53| 24,85| |Кара-Суу району | 699,05| 94,99| 177,87| 88,94| 31,79| |Ноокат району | 686,34| 93,25| 174,64| 87,32| 31,21| |Өзгөн району | 686,34| 93,25| 174,64| 87,32| 31,21| |Чоң-Алай району | 419,43| 56,99| | 53,36| 19,07| |Талас областы (орточо) | 565,44| 82,90| 155,23| 77,62| 27,74| |Бакай-Ата району | 553,66| 81,17| 151,99| 75,99| 27,17| |Кара-Буура | 612,56| 89,80| 168,19| 84,08| 30,06| |Манас району | 572,22| 84,62| 158,47| 79,23| 28,32| |Талас району | 518,32| 75,99| 142,29| 71,15| 25,43| |Чүй областы (орточо) | 658,50| 86,35| 161,7 | 80,85| 28,9 | |Аламүдүн району | 698,01| 91,53| 171,40| 85,70| 30,63| |Жайыл району | | | | | | |а) Чүй зонасы | 671,67| 88,08| 164,93| 82,45| 29,48| |б) Суусамыр зонасы | 447,78| 58,72| 109,96| 54,98| 19,65| |Ысык-Ата району | 698,01| 91,53| 171,40| 85,70| 30,63| |Кемин району | 618,99| 59,78| 151,99| 75,99| 27,17| |Москва району | 684,84| 89,80| 168,19| 84,08| 30,06| |Панфилов району | 632,16| 82,90| 155,23| 77,62| 27,74| |Сокулук району | 711,18| 93,25| 174,64| 87,32| 31,21| |Чүй району | 698,01| 91,53| 171,40| 85,70| 30,63| -----------------------------------------------------------------------
Аймактар, ведомствого караштуу айыл кеңештери боюнча бирдиктүү айыл чарба салыгынын дифференцияланган ставкалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун райондук башкармалары тарабынан базалык ставкалардын негизинде аныкталат жана аны райондук кеңештер бекитет. Жер салыгын төлөөчүлөр жерди пайдаланууга мамлекеттик акты менен убактылуу күбөлүктөр же болбосо жер участогун же үлүштөрдү пайдалануу укугуна күбөлүк менен тастыкталган укугу бар жер пайдалануучулар болуп саналат.
2-статья. Шаар жана айыл жерлеринде жерди пайдалануучуларга берилген короо жай жана дача жер участокторун пайдалануу укугуна салыктын төмөнкүдөй базалык ставкасы бекитилсин:
----------------------------------------------------------------------- | Калктуу конуштар | Жер салыгынын ставкасы | | | (кв.м./сом) | |--------------------------------------|------------------------------| |Шаарлар: Бишкек, Токмок, Кара-Балта, | 0,16 | |Ош, Жалал-Абад, Каракол, Талас, | | |Чолпон-Ата | | |Калган шаарлар жана поселоктор | 0,08 | |Айылдардагы калктуу конуштар | 0,04 | -----------------------------------------------------------------------
3-статья. Шаарларда жана калктуу конуштарда айыл чарба жерлерин пайдалануу укугу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгы жанаша жайгашкан административдик райондор үчүн колдонулган ставкалар боюнча белгиленет.
4-статья. Көлмөлөрдү пайдалануу укугу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгы жанаша райондордун кайрак жерлери үчүн колдонулган ставка боюнча белгиленет. 5-статья. Айыл чарба жерлерин пайдалануу укугуна бирдиктүү айыл чарба салыгын төлөөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бийик тоолуу жана алыскы райондордо киргизилген калктуу конуштардын айыл чарба жери үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгынын базалык ставкасынын 50% өлчөмүндө жеңилдиктер белгиленет. 6-статья. Айыл чарба жерлерин, короо жанындагы жана дачадагы жер участокторун пайдалануу укугу үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгын төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык аныкталат. 7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2000-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө 1998-жылы айыл чарба жерлерин, ошондой эле 1996-1998-жылдары жайыттарды пайдалангандыгы үчүн бирдиктүү айыл чарба салыгы боюнча ашыкча төлөөлөрдүн үчтөн бир бөлүгүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө Өкмөттүн айыл чарба секторунун субъектерине же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гарантиясы боюнча бөлүнгөн заемдук каражаттар жана бюджеттик ссудалар боюнча өз ара эсептешүү жүргүзүү, мамлекеттик ишканалардын акцияларын бөлүү, мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү, ошондой эле башка формалар менен ыкмаларды колдонуу аркылуу ордун толтурсун. 8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзунүн нормативдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 9-статья. Бирдиктүү айыл чарба салыгынын базалык ставкаларын, кайрак жерлер, сугат булактарынан байланышын жоготкон жана ушул Мыйзамдын N 1 жана N 2 тиркемелерге ылайык трансформацияланбаган мурдагы сугат аянттарынын жер участоктору үчүн белгиленген ушундай ставкаларды колдонуу 2005-жылга чейин узартылсын, ал эми объективдүү себептер менен пайдаланылбай жаткан кайрак жерлер (өтө алыстыгы, оор климаттык шарты ж.б.) жана чабынды жррлррдрн N 3 жана N 4 тиркемелерге ылайык аянттарда табигый жайыт жерлер үчүн төлөмдөрдүн деңгээлинде салык алынат. 10-статья. Бул Мыйзам 2001-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|