КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-июну № 712-VI
Т.И.Бегалиевди Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык парламенттик көпчүлүк тарабынан көрсөтүлгөн Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" № 4468-V токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-бөлүктөгү "Исакунова Таалайгүл Базаркуловна" деген сөздөр "Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков |