Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-июну № 743-VI
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчёту тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А.Мариповдун отчёту канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
- зарыл маалыматтарды же документтерди Эсептөө палатасына өз мезгилинде берүүдөн баш тарткандыгы, качкандыгы, ошондой эле анын жазма буйруктарын аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдарынын административдик жана жазык жоопкерчилигин күчөтүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берилүүчү Эсептөө палатасынын иши жөнүндө Эсептөө палатасынын төрагасынын отчётунун форматын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексин киргизүүнүн алкактарында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков |