Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-июну № 775-VI
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын отчёту тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчётун угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) 2015-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун отчёту канааттандыраарлык деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жылдык отчетторун кароодо бюджеттик-салык саясатын ишке ашыруу жөнүндө биргелешкен отчет берсин;
- "Айыл Банк" ААКсынын жана "РСК Банк" ААКсынын мамлекеттик банктардагы уставдык капиталын 100 млн. долларга чейин жана жүгүртмө капиталын 10 млрд. сомго чейин көбөйтүү, ошондой эле мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик банктарда тейлөөгө которуу маселесин карасын;
- "РСК Банк" ААКсын ипотекалык кредиттөө же экспорттук-импорттук операциялар чөйрөсүнө адистештирүү маселесин карасын;
- Интернет тармагына "онлайн" режимине кошуу менен контролдук-кассалык машиналарды баардык бюджеттик уюмдарга 2016-жылдын аягына чейин орнотуу маселесин карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банкы:
- 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык билимдүүлүгүн жогорулатуу Программасын бекитүү боюнча иштерди тездетсин жана аны ишке ашырууга киришсин;
- ипотекалык кредиттерди берүүнү контролдоону күчөтсүн жана шарттарын жеңилдетсин;
- экономиканы долларлаштыруу деңгээлин төмөндөтүүнү камсыз кылсын;
- ишкердик ишти жүзөгө ашырууда жеке ишкерлер тарабынан эсептерди накталай эмес формада гана жүргүзүү боюнча милдеттүү талаптарды мыйзамдуу белгилөө жөнүндө маселени карасын;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен чет өлкөлүк накталай валютага алмаштыруу чөйрөсүндө мыйзамсыз (лицензиясы жок) ишкердик иштерди табуу жана жол бербөө боюнча чараларды көрсүн;
- "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун ишке ашырууну колдоо үчүн кредиттик аукциондордун алкактарында банктарды кайра каржылоо үчүн берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышынын мониторингин жүзөгө ашырсын;
- Бишкек жана Ош шаарларында жана областтык борборлордо 2016-жылдын аягына чейин накталай эмес эсептешүүлөргө которуу боюнча программаны аяктасын;
- накталай акчалардын айланышын чектөө жана 2017-жылдын 1-январынан тартып баардык бюджеттик чыгашаларды (пенсия, жөлөкпул, эмгек акы жана башка чыгашалар) накталай эмес формага которуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы:
- Улуттук банктын 2015-жылдагы ишинин аудити жөнүндө Эсептөө палатасынын отчётунда белгиленген сын-пикирлерди, ошондой эле талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар айткан кемчиликтерди четтетсин;
- административдик чыгымдарды төмөндөтсүн;
- коммерциялык банктар тарабынан Кыргызстандын экономикасын кредиттөө төлөмдөрүнө дем берүүгө жана көбөйтүүгө багытталган Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүү киргизсин;
- реалдуу сектордун экономикалык долбоорлорун улуттук валютада кредиттөө жана каржылоо көлөмдөрүн көбөйтүү максаттарында бир эле мезгилде финансы рыногунда сомдук ресурстарды көбөйтүү менен банктык сектордун кредиттик портфелин жана депозиттик базасын долларлаштырууну төмөндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногунда жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин секторунда ишкерлер жана калк үчүн кредиттер боюнча пайыздык ставкаларды төмөндөтүү боюнча таасирдүү чараларды жүзөгө ашырсын;
- уюштуруу иш-чараларын жана ченемдик укуктук базаларды жакшыртууну кошуп алганда, экономиканы кредиттөө үчүн ресурстук базаны көбөйтүү максаттарында банктык секторго капиталдык жана карыздык инвестицияларды тартуу боюнча максатка багытталган иштерди жүргүзсүн;
- экономиканы кредиттөө көлөмдөрүнө дем берүүгө жана көбөйтүүгө багытталган чараларга зыян келтирбей туруп коммерциялык банктардагы жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердеги кредиттик портфелдин сапатын жогорулатуу жана атайын ПЖЧРди төмөндөтүү боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырсын;
- коммерциялык банктар тарабынан жүргүзүлүүчү казына операциялары үчүн, атап айтканда чет өлкөлүк валютадагы алмаштыруу операцияларынын рыногунда кызыл кулактык аракеттерге жана күтүүсүздүктөргө жол бербөө максаттарында көзөмөлдү натыйжалуу жана өз мезгилинде камсыз кылсын;
- зайымчылар жана кардарлар тарабынан массалык нааразычылыктарга жол бербөө максаттарында финансы-кредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоого байланыштуу иштерди сапаттуу жана өз мезгилинде жүргүзсүн;
- финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн арасында терс көрүнүштөргө жол бербөө максаттарында макрокаржылоого адистешкен банктык жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин социалдык жоопкерчилигин көтөрсүн;
- мыйзамдарга ылайык өткөрүлүүчү Улуттук банк жана башка акча-кредиттик операцияларды уюштурган кредиттик аукциондордо кредиттөө көлөмдөрүн жогорулатууну кошуп алганда, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган операциялардын көлөмдөрүн көбөйтсүн;
- аталган принциптерге калкты жалпы өткөрүү үчүн накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн тутумун өркүндөтсүн;
- ликвиддүүлүк жана коопсуздук принциптерин сактоо аркылуу таанылган эл аралык финансы институттарынын жана коммерциялык банктарынын эл аралык резервдерин жайгаштыруу боюнча механизмдерди оптималдаштырсын;
- монеттештирүү коэффициентин көбөйтсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан жаңы банктарды, чет өлкөлүк банктардын филиалдарын ачууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкактарындагы консультациялык көмөктөрдү көрсөтсүн;
- акча-кредиттик саясатты жүргүзүүдө 2013-2017-жылдары Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык инфляциянын деңгээлин орто мөөнөттүү ориентирлердин алкактарында токтотуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүзөгө ашырсын;
- дүйнөлүк финансы рыногунун абалына үзгүлтүксүз мониторингди жүзөгө ашыруу, чет өлкөлүк банктардын - контрагенттердин финансы абалына байкоо жүргүзүү жана дүйнөлүк финансы рыногундагы абалдын өзгөрүшүнө өз мезгилинде көңүл буруу жолу менен эл аралык резервдердин ликвиддүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү иштерин улантсын;
- эл аралык резервдерди толтуруу үчүн Кыргыз Республикасынын ички рыногунда алтынды улуттук валютада, анын ичинде "Кумтөр Голд Компани" ЖАКсынан сатып алууну жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, атап айтканда айыл жерлеринде жана Кыргызстандын алыскы райондорунда банкоматтарды жана ПОС-терминалдарды көбөйтүү боюнча төлөм кызматтарын жана накталай эмес эсептешүүлөрдү киргизүү деңгээлин көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
- Улуттук банк төмөнкүдөй багыттар боюнча иштерди улантсын:
финансы-кредиттик мекемелердин финансы кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
банктык жана микрофинансы кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү;
үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алууну жана алардын иштерин жөнгө салган текшерүүлөрдү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүүнү жүргүзгөн банктык эмес уюмдардын иштерин лицензиялоону;
Кыргыз Республикасында 2012-2017-жылдары накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашыруунун алкактарында республиканын географиялык жактан алыс жайгашкан региондорун эске алуу менен банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча банкоматтардын жана терминалдардын тармактарын кеңейтүү боюнча коммерциялык банктардын милдеттенмелеринин аткарылышын контролдоо.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|