Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 832-VI
Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик тилдин ролун жана тилдик көп түрдүүлүктү өнүктүрүүнү күчөтүү, ички жана тышкы эмгек рынокторунда улуттук кадрлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы тил саясатынын чөйрөсүндөгү улуттук программаларды натыйжалуу ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн каржылоо булактарын жана тил билүүнүн деңгээлин аныктоо үчүн мониторингдин жана баа берүүнүн тутумун аныктоо менен 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү киргизүү боюнча программаны (мындан ары - Программа) 2016-жылдын 1-декабрына чейин иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
2) программага 2020-жылга карата төмөнкү көрсөткүчтөр киргизилүүгө тийиш:
- тилдерге окутуунун деңгээлдик тутумуна ылайык кыргыз, орус жана чет тилдерди билген жалпы билим берүүчү уюмдардын бүтүрүүчүлөрүнүн үлүшү 70 пайыздан кем болбоого тийиш;
- окутуусу көп тилдүү мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдардын үлүшү 40 пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш;
- жалпы билим берүүчү уюмдарда табигый илимдерди жана коомдук сабактарды чет тилде окуткан педагогдордун үлүшү 20 пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш;
- Бишкек шаары боюнча жалпы билим берүүчү уюмдардын кыргыз тилин билген бүтүрүүчүлөрдүн үлүшү 50 пайыздан кем эмести, ал эми республика боюнча 90 пайыздан кем эмести түзүүгө тийиш;
3) табигый илимдерди жана коомдук предметтерди кыргыз жана чет тилдерде окуткан педагогдорго кошумча каржылык кызыктыруу маселесин карасын;
4) мамлекеттик тил мугалимдерине кошумча акы төлөөнүн өлчөмүн 25 пайызга чейин көбөйтүүнү карасын;
5) ушул токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2016-жылдын 1-декабрына чейин берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кыргыз тилинен тышкары эки же андан ашык тилди билген мугалимдерди даярдоо максатында жогорку окуу жайларынын педагогикалык факультеттерине "Окуучуларды көп тилдүү окутуунун усулу" курсун киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|