Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну № 871-VI
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Б.Исакунова, И.Ш.Омуркулов, Ч.А.Турсунбеков, Ч.И.Джакупова, А.Ш.Жээнбеков, К.К.Исаев, С.Шер-Нияз, К.Ж.Рыспаев, А.Т.Алтыбаева, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигуллина, Г.С.Молдобекова, А.Ж.Салянова, Г.К.Асылбаева, А.Т.Мамашова, М.Э.Мавлянова, Е.Г.Строкова, А.Ж.Исмаилова, Ч.А.Султанбекова, Э.Ж.Сурабалдиева, А.С.Кодуранова, К.Б.Орозова, А.С.Омурбекова, Ж.А.Мусабекова, А.С.Токторов, Д.Асылбек уулу, Р.М.Туманбаева жана Г.А.Скрипкина демилгелеген "Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|