Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-сентябры № 896-VI
"2016-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 30-июнундагы № 367 токтому) "2016-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн аларды негиздөө менен 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Италия Республикасында Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугун ачуу тууралуу маселени иштеп чыксын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|