Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-сентябры № 916-VI
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 25-майында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн төмөндөгүдөй курамда макулдашуу тобу түзүлсүн:
1. Кодуранова А.С. - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы;
2. Шыкмаматов А.Н. - Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
3. Шайназаров Т.У. - Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
4. Абдылдаев М.А. - Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү;
5. Мамбеталиева Ж.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
6. Касымалиев А.А. – Кыргыз Республикасынын финансы министри.
2. Макулдашуу тобу 30 календардык күндөн кеч эмес жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын макулдашылган вариантын жана ага түзөтүүлөрдүн таблицасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|