Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 5-октябры № 949-VI
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 30-июнундагы № 367 токтому), "Бишкек шаарында 2016-жылдын 30-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Башкы Консулдугун ачуу жөнүндө маселени иштеп чыксын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|