Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-октябры № 958-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык жумушчу топтун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.С.Өмүрбекованын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүүсүнүн тиркелген стратегиясы бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин өнүгүү стратегиясынын ишке ашырылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|