Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-октябры № 969-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Электр энергетикасы жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2016-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына "Электр энергетикасы жөнүндө", "Шaap куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирин карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.С.Бокоев жана К.Ж.Рыспаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына "Электр энергетикасы жөнүндө", "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы четке кагылсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|