КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-октябры № 987-VI
"2016-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 30-июнундагы № 367 токтому) "2016-жылдын 30-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Италия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык паспорттордун ээлерин виза алуу талаптарынан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Италия Республикасында Кыргыз Республикасынын Башкы Консулдугун ачуу жөнүндө маселени иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|