Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-октябры № 998-VI
"Өнүгүү-Прогресс" парламенттик фракциясынын кайрылуусу, республикадагы эпизоотикалык абал, ЕАЭБге кошулууга байланышкан милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө
Республикада ыңгайлуу эпизоотикалык абалды камсыздоо жана ЕАЭБге кошулууга байланышкан милдеттенмелерди өз учурунда аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өнүгүү-Пpoгpeсс" парламенттик фракциясынын кайрылуусу, республикадагы эпизоотикалык абал, ЕАЭБге кошулууга байланышкан милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары А.Б.Жусуповдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- республикада эпизоотикалык абалды контролго алсын жана аны жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
- 2016-2021-жылдары Кыргыз Республикасында Эпизоотикалык ыңгайлуу шарттарды камсыздоо боюнча концепцияны иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- ЕАЭБге кошулууга байланышкан милдеттенмелерди өз учурунда толук көлөмүндө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн, бардык ветеринардык лабораторияларды, электрондук маалымат жана байкоо жүргүзүү тутумун талаптарга ылайык келтирсин;
- "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын өз учурунда аткарылбай калышына жол берген кызмат адамдарынын жекече жоопкерчилигин карасын;
- "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өз учурунда аткаруу боюнча толук көлөмүндө так чараларды көрсүн;
- республикада малдардын кулагына тагылуучу биркаларды жеке өндүрүү иштерин уюштурууну сунуштасын;
- малдарды идентификациялаган тараптарды интернет-байланыш менен камсыздасын;
- халал-индустрияны өнүктүрүүгө көңүл бурсун;
- ''Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына малдарды идентификациялоо мөөнөттөрүн узартуу каралган түзөтүүлөр жөнүндө сунуш киргизсин;
- 2017-жылдын артыкчылыктуу тармагы катары 2017-жылдын бюджетинде айыл чарбасы үчүн зарыл өлчөмдөрдөгү каражаттарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан түзүлгөн экинчи тендердик комиссия аткарган иштердин ченемдик укуктук актыларга ылайык "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигин иликтесин жана укуктук баа берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Сот экспертизаларынын мамлекеттик борборунда тендерге катышкан тараптар берген малдардын кулагына тагылуучу биркалардын сапатынын Кыргыз Реcпубликасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" № 694 токтомунун № 2 тиркемесинде белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн сыноодон өткөрсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2017-жылдын 2-январына карата маалымдасын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|