Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-октябры № 1005-VI
Бузулган ун фактысын изилдөө жана анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
"Республика - Ата-Журт" парламенттик фракциясы тарабынан киргизилген бузулган ун фактысын изилдөө жака анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
У.Б.Примов
Э.Ж.Сурабалдиева
У.К.Жылкыбаев
М.А.Исаков - КСДП депутаттык фракциясынан;
Ж.К.Турускулов
А.Ж.Жамангулов
Б.К.Райымкулов - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Д.А.Жумабеков
А.К.Назаров - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
А.О.Узакбаев - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;
Б.И.Сулейманов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;
А.Ж.Акматов - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарыл болсо өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ушул маселенин тармактары боюнча адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 2 айлык мөөнөттө маалымдасын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|