Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-ноябры № 1025-VI
Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына жаңы мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык "Республика - Ата-Журт" жана "Бир Бол" парламенттик фракциялары шайлаган Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамына төмөндөгү мүчөлөр бекитилсин:
1) Орехов Александр Дмитриевич;
2) Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович;
3) Моңолов Айбек Кытайбекович.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" № 4468-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-бөлүктө:
- "Есекеев Керезбек Сүйөркулович" деген сөздөр "Орехов Александр Дмитриевич" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Калбаев Алмаз Тургуналиевич" деген сөздөр "Кубатбеков Алтынбек Нурпазылович" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- "Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич" деген сөздөр "Моңолов Айбек Кытайбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|