Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 1061-VI
"2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 18-июлундагы № 403 токтому) "2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана жүзүмдүн көчөт материалдарынын сортторунун жана гибриддеринин үрөнүн өндүрүүнү көп тараптуу мамлекеттер аралык адистештирүү жана жеткирип берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|