ТоктомКүчүндө

КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1087-VI «2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы шаары - Жалал-Абад шаары) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ КҮR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому

Редакция16.11.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 16-ноябры № 1087-VI

"2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы шаары - Жалал-Абад шаары) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ КҮR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 30-сентябрындагы № 519 токтому) "2016-жылдын 9-июнунда Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы шаары - Жалал-Абад шаары) альтернативдүү автожолунун 159-183 км реконструкциялоо долбоору (№ КҮR-0052 долбоору) боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков