Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-январы № 195-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Скрипкина Галина Анатольевна жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын.
2. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI "Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Скрипкина Галина Анатольевна Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
3. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссияга кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Муратбеков Канатбек Камбарбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссияга кыргыз тарабынын курамынан чыгарылсын;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исакунова Таалайкүл Базаркуловна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссияга кыргыз тарабынын курамына киргизилсин.
4. 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 40-VI "Көз карандысыз Мамлекеттердин Кызматташтыгына катышуучу мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Иманалиев Каныбек Капашевич КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын Контролдук-бюджеттик комиссиясынан чыгарылсын жана КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын Илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын курамына киргизилсин.
Төрага | А. Жээнбеков
|