Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 1224-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 32-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Султанбекова Чолпон Аалыевна жана Масалиев Исхак Абсаматович Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Эргешев Алмазбек Манасбекович жана Юсуров Абдумажит Лелезович Европа Бирлигинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
2. "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 42-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Юсуров Абдумажит Лелезович "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамынан чыгарылсын;
Масалиев Исхак Абсаматович "Европа Бирлиги-Кыргызстан" Парламенттик кызматташуу комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
1.1. пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.1. Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович Комитеттин тең төрагалыгына шайлансын.".
Төрага | Ч. Турсунбеков
|