Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-январы № 1257-VI
Республиканын аэропортторунун жана авиакомпанияларынын жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча ишинин абалы жөнүндө
2016-жылдын 11-13-декабрында форс-мажордук шарттарда Ош шаарынын эл аралык аэропортунун кызматтарынын аракеттерине, ошондой эле республиканын аэропорттору жана авиакомпаниялары тарабынан жүргүнчүлөрдү ойдогудай тейлөөнү бүтүндөй камсыздоо боюнча жарандардын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көрсөтүлгөн маселени изилдөө үчүн төмөнкүдөй курамда депутаттык комиссия түзүлсүн:
С.М.Жураев
А.Т.Алтыбаева
И.И.Матраимов
Р.Ч.Момбеков - КСДП депутаттык фракциясынан;
К.Ш.Баймуратов
А.Т.Абжалиев
К.Т.Зулушев - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
Д.Э.Төлөнов
С.А.Айдаров - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
З.И.Жамалдинов - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;
И.А.Пирматов - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;
Э.Т.Токтошев - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Депутаттык комиссия республиканын аэропорттору жана авиакомпаниялары тарабынан жүргүнчүлөрдү тейлөөнү камсыздоо боюнча иштердин абалын изилдесин жана анын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үстүбүздөгү жылдын 1-мартына карата маалымдасын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|