Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-январы № 1258-VI
Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45 "А" дареги боюнча жайгашкан М.Бакиевге тиешелүү 1,28 гектар жалпы аянтындагы жер участогун, ошондой эле К.Бакиевдин айлана-чөйрөсүнө мурда тиешелүү болгон башка объектилерди сатуу фактыларына тийиштүү маселелерди иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын сотунун чечиминин негизинде эркиндигинен өмүр бою ажыратууга сырттан өкүм чыгарылган жана Интерпол аркылуу издөө жарыяланган Максим Бакиевге тиешелүү кыймылдуу мүлк бирдигине (Бишкек шаары, Скрябин көчөсү, 45-45 "А" дареги боюнча 1,28 гектар жалпы аянтындагы жер участогу) арест салынгандыгына карабастан менчик укугу башка адамдарга өткөрүлүп берилишине, ошондой эле К.Бакиевдин айлана-чөйрөсүнө мурда тиешелүү болгон башка объектилердин сатылышына байланыштуу фактыларга тийиштүү маселелерди изилдөө боюнча төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн:
М.А.Айнакулов
М.А.Исаков
И.Ю.Карамушкина
А.Э.Самигуллина - КСДП депутаттык фракциясынан;
К.С.Бокоев
К.Т.Зулушев
А.Ж.Жамангулов - "Республика - Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;
А.М.Эргешов
К.К.Исаев - "Кыргызстан" депутаттык фракциясынан;
A.Л.Юсуров - "Өнүгүү-Прогресс" депутаттык фракциясынан;
Б.Ж.Субанбеков - "Бир Бол" депутаттык фракциясынан;
А.Н.Шыкмаматов - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан.
2. Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү мамлекеттик органдары комиссиянын ишине көмөк көрсөтсүн.
3. Комиссия зарыл болсо өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ушул маселенин тармагы боюнча адистерин жана эксперттерин тартууга укуктуу.
4. Комиссия жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|