КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-марты № 1436-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерге сунушту карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 94-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык чектик курагына жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордуна Чаргинова Турсунгүл Толепековна шайлансын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|