Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 1442-VI
"Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Т.Бабанов, Р.А.Казакбаев, Т.Т.Мамытов, Б.К.Райымкулов, А.Ж.Жамангулов, П.Р.Түлендыбаев, А.Алтынбеков, А.Т.Абжалиев, Э.Ж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, К.С.Бокоев, М.К.Жеенчороев, А.Жунус уулу, К.Т.Зулушев, Д.Ш.Исаева, А.Ж.Исмаилова, Ф.А.Иминов, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, Н.Н.Нишанов, А.С.Өмүрбекова, М.Э.Сабиров, Б.Ү.Сыдыков, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, P.M.Туманбаева жана У.С.Чолпонбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|