Редакцияот 30.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 30-марты № 1452-VI

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2016-жылдын 23-декабрындагы № 698 токтому) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында эң төмөнкү эмгек акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков