Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 1470-VI
"2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Чолпон-Ата мэриясынын, "Чолпон-Ата Сууканалы" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 17-январындагы № 23 токтому) "2016-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 2-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Чолпон-Ата шаарындагы суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо максатында Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн Инвестициялык фонддун каражаттарынан Европа бирлигинин инвестициялык грантынын алкагында Кыргыз Республикасынын, Чолпон-Ата мэриясынын, "Чолпон-Ата Сууканалы" муниципалдык ишканасынын жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы грант жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|