КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 1474-VI
"Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 28-февралындагы № 128 токтому) "Бишкек шаарында 2016-жылдын 5-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк Банк) ортосундагы Кыргыз Республикасында аудитти жана финансылык отчёттуулукту өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында грант берүү жөнүндө макулдашуу-катты ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|