Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-апрели № 1478-VI
"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААКсынын энергокомпанияларында электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө
"Улуттук энергетика холдинг компаниясы" ААКсынын (мындан ары - Улуттук энергохолдинг) башкармасынын төрагасы А.Р.Калиевдин электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) киргизүүнүн абалы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт:
Электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму (ЭКЭАТ) - бул электр тармактарында энергетикалык агымдар жөнүндөгү маалыматтарды дистанциялык жыйноону, сактоону жана иштетип чыгарууну камсыздаган аппараттык жана программалык каражаттардын комплекси. ЭКЭАТнын милдети берилген параметрлерди жана тарифтерди, ошондой эле технологиялык маалыматтарды талдоо үчүн ыңгайлуу болгон формага автоматтык келтирүүнү эске алуу менен керектелген же өткөрүлүп берилген энергиянын санын так өлчөөдө турат.
ЭКЭАТ контролдук-ченөөчү аппаратуралардын, маалыматтарды өткөрүп берүү тармактарынын, компьютерлердин (серверлердин) жана программалык камсыздоонун жыйындысы болуп саналат. ЭКЭАТнын схематикалык түзүмүнө төмөндөгүдөй төрт деңгээл кирет:
төмөнкү деңгээлде баштапкы ченөөчү приборлор (эсептегичтер) электр энергиясынын эсептөө точкаларындагы санын өлчөйт;
экинчи деңгээлде маалыматтарды жыйноо жана даярдоо түзүлүшү (МЖДТ) - энергия эсептөөнү киргизилген программалык камсыздоосу (ПК) бар адистештирилген ченөөчү тутум же көп функционалдуу программалануучу кайра түзүүлөр болот. МЖДТ аймактык бөлүштүрүүчү эсептердин эсептөөчү маалыматтарын, ал маалыматтардын жогорку деңгээлде чогултулушун, иштетип чыгарылышын жана өткөрүлүп берилишин күнү-түнү жыйноону жүзөгө ашырат;
үчүнчү деңгээл - бул маалыматтарды жалпы иштетип чыгарууну жана талдоо жана башкаруу үчүн ыңгайлуу формада кайра түзүүнү жүзөгө ашырган ар кандай МЖДТдан маалыматтарды жыйноо жана иштетип чыгаруу борборунун (МЖИБ) жекече компьютери же сервери;
тутумдун жогорку деңгээли үчүнчү деңгээлдин түйүнүнөн маалыматтарды жыйноону, кошумча түзүмдөштүрүүнү, маалыматтарды архивдештирүүнү, электр энергиясынын рыногунда өз ара эсептешүүлөр үчүн документтерди түзүүнү жүргүзөт.
ЭКЭАТны киргизүүнүн артыкчылыгы талашсыз. Ал, мисалы, "Кыргызстан УЭС" ААКсына ийгиликтүү киргизилип жатат.
Ошону менен эле катар ЭКЭАТны энергокомпанияларга киргизүүдө олуттуу кемчиликтер да бар. Мисалы, "Электр станциялары" ААКсы ЭКЭАТны бөлүкчөлөргө киргизүүнү ал тургай пландаштырыла элек, алар муну иштин спецификасына байланыштуу тутумду киргизүүнүн зарылчылыгынын жоктугуна негиздешет.
Азыркы учурда бөлүштүрүүчү компаниялар электрондук эсептегичтерди орнотуу менен гана алектенип жатышат, б.а. ЭКЭАТнын төмөнкү (биринчи) деңгээлиндеги ишти аткарышууда. Бирок бул иш да жай ыргакта жүзөгө ашырылууда.
Улуттук энергохолдингдин маалыматтары боюнча 2012-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин болгону 172861 ЭКЭАТ эсептегичи орнотулган, бул электр эсептегичтеринин жалпы санынын 13,8%зын түзөт, б.а. жылына 3,4%зына жакыны гана орнотулат. Анын ичинде: "Түндүкэлектро" ААКсында - 164200 даана, "Чыгышэлектро" ААКсында - 2464 даана, "Ошэлектро" ААКсында - 3044 даана, "Жалалабадэлектро" ААКсында - 3153 даана орнотулган. Электрондук эсептегичтерди орнотууну мындай ыргакта аяктоо 29 жылдан кийин гана бүтөт.
Энергокомпаниялар тарабынан электр эсептегичтерин сатып алууда бирдиктүү стандарт колдонулбайт.
Улуттук энергохолдингдин маалыматтарынан көрүнүп тургандай, электр эсептегичтер ар кандай жөнөтүүчүлөрдөн: SC "ADD-Production" SRL (Молдавия), Ningbo sanxing electric СО LTD (КНР), Shenzhen inhemeter Со, Ltd (КНР), Hexing electrical Co.Ltd (КНР), Эльстер метроника (Россия), NIK (Украина), Ak-Ay Electric (Турция), TOO Смарт Инжиниринг Групп (Казахстан), OcOO "ENERKOM" (Бишкек ш.) жана ОсОО "Элтехника" (Бишкек шаары) сатылып алынат.
Мында ар бир жөнөтүүчү электр эсептегичтерди аныкталган функциялар жана программалык камсыздоо менен чыгаргандыктан, алар башка жөнөтүүчүлөрдүн электр эсептегичтеринин функцияларына дайыма эле шайкеш келбей тургандыгын белгилөө керек. Мындай шарт андан ары ЭКЭАТны киргизүүдө олуттуу көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн.
2016-жылдын ноябрь айында гана Улуттук энергохолдинг тарабынан ЭКЭАТны энергокомпанияларга киргизүүнү унификациялоо үчүн электрондук эсептегичтерди сатып алууда бирдиктүү стандарттарды колдонуу боюнча буйрук чыгарган.
Ал тургай электр эсептегичтерин сатып алуунун баа саясатында бирдиктүү стандарт жок (таблицаны караңыз):
Бөлүштүрүүчү электро компаниялар (БЭК) | Сатып алуу датасы | Жөнөтүүчү | Саны, даана | Баасы |
"Түндүкэлектро" ААКсы | 2013 | SC "ADD-Production" SRL (Молдавия) | 115000 | 182,6 евро |
17.02.2016 | Нигбо Сансинг Медикал (Кытай) | 38405 | 7290 сом | |
2016 | Хенсинг (Кытай) | 20000 | 100 долл. | |
"Ошэлектро" ААКсы | 07.12.2015 | ТОО Смарт Иижиниринг Групп (Казахстан) | 300 | 3ф - 19615 сом |
03.01.2016 | Ошондой эле | 200 | 3ф - 20299 сом | |
04.10.2016 | Нигбо Сансинг Медикал (Кытай) | 2360 | 3ф 100А 10482,9 сом | |
04.10.2016 | Нигбо Сансинг Медикал (Кытай) | 100 | 3ф 7,5А 12472,125 сом | |
10.10.2016 | Нигбо Сансинг Медикал (Кытай) | 500 | 1ф - 6264 сом | |
18.11.2016 | Нигбо Сансинг Медикал (Кытай) | 40 | 3ф 100А 10118 сом | |
"Жалалабатэлектро" ААКсы | 01.12.2015 | "ЕNЕRКОМ" ЖЧКсы Бишкек ш. | 2389 | 3ф - 14350 сом 1ф - 8400 сом |
"Чыгышэлектро"ААКсы | 17.05.2016 | "Eltechnica" ЖЧКсы Бишкек ш. | 2000 200 | 9090,85 сом 9621,95 сом |
Таблицадан көрүнүп тургандай, болжолдуу түрдө техникалык мүнөздөмөсү боюнча бирдей сатып алынган электр эсептегичтердин баасынын чектери ар кандай айырмаланып турат.
Мындан тышкары, Жалал-Абад областынын ишкерлер бирлигинин мүчөлөрүнүн "Жалалабадэлектро" ААКсы аларды электр эсептегичтерди баасы 16000 сомду түзгөн рыноктон сатып алууга мажбурлап жаткандыгы жөнүндө Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине кайрылуусу бар. "Жалалабадэлектро" ААКсы 14350 сомдон сатып алган электр эсептегичтери кайда? - деген суроо пайда болот.
ЭКЭАТты киргизүүдө тутумдуу мамиле жок. Бөлүштүрүүчү компанияларда ЭКЭАТтын башка (төмөнкүдөн тышкары) түзүм деңгээлдерин киргизүү боюнча ойдогудай чаралар көрүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бөлүштүрүүчү компаниялардын алдына электр энергиясынын жоготууларын 12%га чейин жеткирүү (экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч орточо 6-7%ды түзөт) милдети коюлган. Буга байланыштуу Улуттукэнергохолдинг "Кыргыз Республикасынын аймагында ЭКЭАТты жергиликтүү өндүрүүнү өнүктүрүү" долбоорун демилгелеген. Долбоордун алкактарында Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Улуттукэнергохолдинг 200 миң электр эсептегичтерин сатып алууну жана орнотууну алдын ала карап жатат, бул бөлүштүрүүчү компаниялардын электр энергиясынын жалпы жоготууларын 12%га чейин төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт, бул жылына 150 миллиондон ашык кВт саатты түзөт.
Бирок айрым окумуштуулардын пикири боюнча электр энергиясын жоготууларды төмөндөтүү көйгөйүн чечүүгө мындай божомол жана мамиле жасоо туура эмес болуп эсептелет. Алар каралуучу долбоордо пландаштырылган жыйынтыктарга чындап жетишүү үчүн көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнү максатка ылайыктуу деп эсептешет. Мисалы, Улуттукэнергохолдингдин бардык энергокомпаниялары, анын ичинде "Электр станциялары" ААКсы, "Кыргызстан УЭС" ААКсы, "Түндүкэлектро" ААКсынын бөлүштүрүүчү компаниялары, "Ошэлектро" ААКсы, "Жалалабадэлектро" ААКсы, "Чыгышэлектро" ААКсы жана ал тургай кичи ГЭСтер ЭКЭАТнын бирдиктүү тутумуна бириктирилүүгө тийиш, бул электр энергиясынын жоготууларынын деңгээлин экономикасы өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлине чейин жеткирүүгө өбөлгө түзүп, убакыттын талап кылынган учурунда бардык эсептегичтерден көрсөткүчтөрдү бир убакытта алуу мүмкүнчүлүгүн пайда кылат, электр энергиясынын агымдары ачык-айкын болот.
ЭКЭАТны киргизүүдө олуттуу көйгөй "Түндүкэлектро" ААКсында түзүлгөн. Белгисиз себептер боюнча 6 млн. АКШ доллары жалпы суммасына эки келишим боюнча ZТЕ (КЭР) Корпорациясынан "Түндүкэлектро" ААКсы сатып алган ЭКЭАТ байланыш тутумунун жабдууларын жөндөө жана эксплуатацияга киргизүү жүзөгө ашырылбай жатат.
"Түндүкэлектро" ААКсы 2011-жылдын аягында 1 млн. 128 миң АКШ долларында жабдуулардын жалпы баасынын 20%зын төлөгөн, келишимге ылайык калган сумма товар алынгандан кийин төлөнүүгө тийиш болгон. ZТЕ Корпорациясы тарабынан жабдууларды жөнөтүү 2011-2013-жылдардын ичинде толук бүткөрүлгөн. "Түндүкэлектро" ААКсы жөнөтүүчүгө калган сумманы төлөбөй жатат жана кампада көп жылдардан бери турган кымбат жана керектүү жабдууларды жөндөөнү жүзөгө ашыра элек.
Келишимде каралган пункттардын бири да "Түндүкэлектро" ААКсына келишимди кыйынчылыгы жок токтотуу же бузуу мүмкүнчүлүгүн бербей жатат. Бул кырдаал контрагент жабдууларды келишимдер боюнча жөнөтүүнү аяктагандыгы менен да татаалдашууда, алынган жабдуунун баасы 5 миллионго жакын АКШ долларын түзөт.
Аталган жабдууларды киргизүү, албетте киреше алып келе баштоого тийиш. Мунун ордуна "Түндүкэлектро" ААКсы азыркы учурда 2012-жылдан тартып жабдууларды сактагандыгы үчүн гана ай сайын 67000ден ашык сом төлөп чыгым тартууда. Бардык чыгымдарды ал тарифтердин эсебинен жаап жатат. Ал эми "Түндүкэлектро" ААКсынын ойлонулбаган мындай чечими элдин эсебинен төлөнбөшү керек.
Жогоруда баяндалганды эске алып, республиканын энерготутумуна илимдин жаңы жетишкендиктерин жана жаңы технологияларды киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Энергокомпанияларга ЭКЭАТны киргизүү боюнча Улуттукэнергохолдингдин иши жетишсиз деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- республикада электр эсептегичтерин жыйноо боюнча өндүрүштү уюштуруу менен энерготутумга ЭКЭАТны киргизүү боюнча Программаны иштеп чыксын жана бекитсин;
- ZТЕ кытай Корпорациясынан 6 млн. АКШ доллары жалпы суммасына "Түндүкэлектро" ААКсы сатып алган ЭКЭАТ байланыш тутумунун жабдууларын жөндөөнүн жана эксплуатацияга киргизүүнүн кечиктирилген себептерин иликтесин;
- ЭКЭАТны киргизүү боюнча, атап айтканда байланыш тутумунун жабдууларын жөндөө жана эксплуатацияга киргизүү жаатындагы иште олуттуу кемчиликтерге жол берген "Түндүкэлектро" ААКсынын жетекчилигинин жоопкерчилигин карасын.
3. Башкы прокуратура күнөөлүү адамдарды табуу жана аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы:
ZТЕ Корпорациясына "Түндүкэлектро" ААКсы төлөгөн 1 млн. 128 миң АКШ доллардын жана жабдууларды сактоо үчүн ай сайын төлөнүүчү 67000 сомдун электр энергиясына тарифтерди бекитүү үчүн чыгымдарга киргизилгендигин текшерсин;
1 млн. 128 миң АКШ доллары суммасында каржылоо булагын (бюджеттик, кредиттик, гранттык же өз каражаттарды) издеп тапсын.
5. Улуттукэнергохолдинг:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын катышуусу менен бөлүштүрүүчү компанияларга киргизилүүчү ЭКЭАТны өркүндөтүүгө жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган максаттуу долбоорду иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- энергокомпанияларга ЭКЭАТ киргизүүдө бирдиктүү стандарттардын колдонулушуна тутумдуу контролду жүзөгө ашырсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|