Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-апрели № 1509-VI
Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун шарттарында ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды коргоо жана колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө
Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү, инвестициялык кызыкдарлыкты, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана экспорттоочулардын абалын жакшыртуу максаттарында, көйгөйлөрдүн жана аткарылбай калган иш-чаралардын болушун, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Бажы бирлигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусу боюнча бекитилген Жол картасы боюнча 2015-жылдын 31-мартында Евразия экономикалык бирликке кошулуу процессинин алкактарында (2015-жылдын 19 жана 22-июнундагы Протоколдун редакциясында) Кыргыз Республикасына Техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну, ошондой эле ЕАЭБге кошулуунун негизги максаттарына жетишүүнү эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр тапшырылсын:
- ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногуна көнүктүрүү үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү, экспорттоочуларды колдоо жана коргоо боюнча чараларды күчөтсүн, механизмдерди иштеп чыксын жана алардын аткарылышын (анын ичинде логистиканы, маркетингди, продукцияларды алдыга жылдырууну, сатууну жакшыртууга жана тоскоолдуктарды болтурбоого өбөлгө түзгөн механизмдерди өнүктүрүү/киргизүү жолу менен) камсыз кылсын;
- ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин (Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын) аймагына жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашыра ала турган ЕАЭБ ишканаларынын Реестрине киргизүү үчүн кыргыз ишканаларынын санын көбөйтүү боюнча иштерди күчөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагына аткезчилик продукцияларды киргизүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн, коррупциялык механизмдердин пайдаланылышына жол бербөө максаттарында катуу контролду жүзөгө ашырсын;
- Кыргыз Республикасына 3-5 жылга экспортту жана импорттук жайгаштырууларды өнүктүрүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган негизги тамак-аш продуктыларын өндүрүүгө дотация берүү боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыксын жана кабыл алсын;
- үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүүдө Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган товарларга жана/же чийки заттарга карата тарифтик преференцияларды алуу мүмкүнчүлүгүнө талдоо жүргүзсүн. Талдоонун жыйынтыктары жөнүндө 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө маалымат берсин;
- ЕАЭБге мүчө эмес мамлекет болуп саналган өлкөлөргө айыл чарба продукцияларын жана кайра иштетилген продуктыларды (этти, жашылчаларды жана жемиштерди, балды, жаңгакты жана башка продукцияларды) экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн иликтесин, ошондой эле продукцияларды жөнөтүү боюна өкмөттөр аралык макулдашууларды түзүү боюнча жол-жоболорду баштасын, Түркияга, Түштүк-Чыгыш Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жана башкаларга продукцияларды ташууда тарифтик преференцияларды алуу мүмкүнчүлүгүн изилдесин;
- Кыргыз Республикасында лабораториялык инфратүзүмдөрдү түзүүгө, жабдууга, модернизациялоого байланыштуу иштерди тезинен аяктоо, анын ичинде 2015-жылдын 31-мартында Евразия экономикалык бирлигине кошулуу процессинин алкактарында Кыргыз Республикасына Техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы багыт боюнча россия тарабы, ошондой эле башка тиешелүү ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн; окуу, ошондой эле тиешелүү педагогикалык персоналды окутуу максаттарында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык университетине, И.К.Ахунбаев атындагы КММАга, Ж.Баласагын атындагы КУУга караштуу лабораториялык инфратүзүмдөрдү жабдуу мүмкүнчүлүктөрүн иликтесин;
- өткөрмө пункттарын тезинен ыңгайлаштыруу жана техникалык жабдуу, ЕАЭБ чек араларынын, анын ичинде өткөрмө пункттарынан тышкары кыргыз участогун техникалык жабдуу жана инженердик жабдуулар менен камсыздоо боюнча иштердин аткарылышы үчүн кыргыз тарабынын зарыл иш-чараларды аткаруусун контролдоону колго алсын;
- мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда финансылык камсыздоо, ошондой эле мыйзам ченемдерин сактоо жаатында малдарды идентификациялоо процессин контролдоону колго алсын;
- кыргыз-казак чек арасында ветеринардык контролду жоюу процесстерин тездетсин, Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча Федералдык кызмат даярдаган Кыргыз Республикасындагы малдардан алынган продукцияларды өндүрүү боюнча ишканаларга Евразия экономикалык бирлигинин адистеринин жүргүзгөн инспекциясына ылайык Кыргыз Республикасына ЕАЭБге эт-сүт продукцияларын экспорттоо укугунан баш тартылган Отчеттогу (2015-жылдын 16-февралы - 2015-жылдын 27-февралы) сунуштардын аткарышын контролдоону колго алсын;
- жаңы техникалык регламенттерди жана башка ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга жана киргизүүгө байланыштуу киргизилүүчү талаптар, ченемдер жана эрежелер боюнча чектөөлөргө, өзгөртүүлөргө байланыштуу тышкы экономикалык иш чөйрөсүнө тиешелүү чарбакер субъектилерди, ишкердик субъектилерди даярдасын жана алдын-ала маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- 2017-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө тышкы экономикалык иштердин субъекттеринин кызыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн ЕАЭБдин алкактарындагы чектөөлөрдүн жана алып коюулардын тизмегин кеңейтүү боюнча конкреттүү чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын;
- экспортчуларга комплекстүү колдоо көрсөтүүлөрдү камсыздоо максаттарында экспорттук-багытталган жана импорт жайгаштыруучу ишканалардын карыздарын жана кредиттерин кайра түзүү боюнча чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы № 102 Мыйзамы менен ратификацияланган 2015-жылдын 31-мартындагы Евразия экономикалык бирликке карата кошулуу процессинин алкактарында (2015-жылдын 19 жана 22-июнундагы Протоколдун редакциясында) Кыргыз Республикасына Техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 148 тескемесине ылайык Россия Федерациясынан келип түшкөн жана мамлекеттик органдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн 16,42 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү каражаттардын өздөштүрүлгөн бөлүгүн мамлекеттик органдар тарабынан натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына аудит жүргүзүү тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети тиешелүү объектилерге, ошондой эле жабдылган ветеринардык лабораторияларга жеринде баруу аркылуу Россия Федерациясынын техникалык жардамдарынын жыйынтыктары менен таанышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|