Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 1515-VI
2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелерди изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө
2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелерди изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын (мындан ары - убактылуу депутаттык комиссия) төрагасы - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Артыковдун баяндамасын угуп, аталган маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын.
2. Убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Кыргыз Республикасынын УКМКсына, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын ИИМине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКга юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. 2017-жылдын майында 2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тиешелүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга байланыштуу жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына тийиштүү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат угулсун.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|