Редакцияот 26.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 26-апрели № 1534-VI

"2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-сентябрындагы "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 3-февралындагы № 66 токтому) "2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган 2015-жылдын 8-сентябрындагы "Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар" товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015-2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

    

 Төраганын орун басары

Д.Толонов