Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 1537-VI
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Э.Төрөбаев, А.С.Өмүрбекова, Н.К.Макеев, Г.К.Асылбаева, М.К.Жеенчороев, А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешев, А.Ү.Жапаров, К.Ж.Рыспаев, Т.И.Икрамов жана А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Д. Толонов
|