Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 1560-VI
Ветеринардык контролдоо системасын реформалоо жана ЕАЭБге кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө
Ветеринардык контролдоо системасын реформалоону камсыз кылуу жана ЕАЭБге кошулуу боюнча милдеттенмелерди өз учурунда аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ветеринардык контролдоо системасын реформалоо жана ЕАЭБге кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору К.Т.Жумакановдун маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ветеринардык контролдоонун таасирдүү тутумун түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобону терең функциялык талдоону жүргүзсүн жана "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык контролдоо жана аткаруу функцияларын так аныктоо боюнча шашылыш чараларды көрсүн;
- республиканын экспорттук потенциалын колдоо жана коомдук саламаттык сактоосун камсыз кылуу үчүн ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук тутумун реформалоо маселесинин маанилүүлүгүн эске алып, орточо мөөнөттүү мезгилге республиканын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугун өнүктүрүү стратегиясын бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин;
- ЕАЭБдин ыйгарым укуктуу органдарынын 16.02.2015 - 27.02.2015-жж. отчетуна, ЕАЭБдин 2016-жылдын 8-августундагы отчетуна, ЕАЭБдин 2017-жылдын 3-февралындагы № 17-32 катына ылайык аудиттердин сунуштамаларын аткаруунун жүрүшүн иликтөө үчүн көз карандысыз адистерди тартуу менен комиссия түзсүн жана комиссиянын ишинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитетинин жыйналышында уксун;
- кыргыз-казак чек арасында ветеринардык контролду жокко чыгаруу процессин контролго алсын, ветеринардык жана фитосанитардык контролдоо боюнча ЕАЭБге катышкан өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдарынын талаптарын эң кыска мөөнөттө аткарсын;
- республикадагы жаныбарларды идентификациялоо процессин аяктоо максатында тиешелүү иштерди каржылоо булактарын эң кыска мөөнөттө тапсын, ошондой эле Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин киргизүүнү контролго алсын жана жаныбарларды идентификациялоо боюнча автоматташтырылган маалымат системасына контролдоо механизмин иштеп чыксын;
- кыргыз тарап ветеринардык лабораториялардын имараттарын реконструкциялоо жана куруу боюнча милдеттенмелерди аткарышын, ветеринардык станцияларды, мал союлуучу пункттарды жана мал базарларын, кайра иштетүүчү ишканалардагы контролдоо тутумдарын ЕАЭБдин талаптарына ылайык келтирүүнү контролго алсын;
- автоматташтырылган маалыматтык системаларды киргизүүнү, андан соң ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин маалыматтык системаларына интеграциялоону камсыз кылсын; ЕАЭБдин ички чек араларынын кыргыз участогунда өткөрмө пункттарды тез арада ыңгайлаштыруу жана техникалык жабдуу боюнча иштерди аяктасын;
- ЕАЭБдин параметрлерине жана талаптарына ылайык республиканын лабораторияларынын тутумунун аккредитациядан өтүшүн контролго алсын.
3. Ушул токтомду аткаруунун натыйжалары жөнүндө 2017-жылдын 1-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|