Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 1563-VI
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан депутат Эргешов Алмазбек Манасбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин курамынан чыгарылсын.
2. "Кыргызстан" парламенттик фракциясынан депутат Эргешов Алмазбек Манасбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин курамына киргизилсин.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|