Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 1277-VI
"2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2014-жылдын 16-июлундагы № 399 токтому) "2011-жылдын 18-октябрындагы Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|