Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 1290-VI
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр чыгарылсын:
КСДП парламенттик фракциясынан - депутаттар Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович жана Мусабекова Жылдыз Аманбековна Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин курамынан;
КСДП парламенттик фракциясынан - депутат Кадыркулов Искендер Анарбекович Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин курамынан.
2. Төмөнкүлөр киргизилсин:
КСДП парламенттик фракциясынан - депутаттар Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович жана Кадыркулов Искендер Анарбекович Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына;
КСДП парламенттик фракциясынан - депутат Мусабекова Жылдыз Аманбековна Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|