Редакцияот 02.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 2-февралы № 1317-VI

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерге сунуштамаларды карап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 94-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык чектик куракка жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын кызмат ордуна төмөндөгүлөр шайлансын:

Давлетов Айбек Абубакирович;

Камчыбеков Шералы Равшанбекович;

Токтомамбетов Кеңешбек Божокоевич.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет жана жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланууга жатат.

 

Төрага

Ч. Турсунбеков