КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 1362-VI
"2016-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2017-жылдын 17-январындагы № 31 токтому) "2016-жылдын 24-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана расмий/кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим орнотуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төрага | Ч. Турсунбеков
|