Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 1391-VI
Кыргыз Рсспубликасынын Жогорку Кеӊешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1261-IV токтому менен түзүлгөн "2017-жылдын 16-январында кыйроого учураган учактын бортунда ташылган жүктөрдүн тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин убактылуу депутатык комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2017-жылдын 19-январындагы № 1261-VI токтому менен түзүлгөн 2017-жылдын 16-январында кыйроого учураган учактын бортунда ташылган жүктөрдүн тиешелүүлүгүн аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын ишинин мөөнөтү 2017-жылдын 20-мартына чейин узартылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
КСДП парламенттик фракциясынан - И.А. Кадыркулов;
"Ата Мекен" парламенттик фракциясынан – Ө.Ч. Текебаев.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин убактылуу депутаттык комиссиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
КСДП парламенттик фракциясынан – Т.З. Зулпукаров;
«Ата-Мекен» парламенттик фракциясынан – Н.В. Никитенко
Төрага | Ч. Турсунбеков
|