Редакцияот 15.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-марты № 1413-VI

"Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ж.Акматов, Ж.А.Бакчиев, К.К.Иманалиев жана Э.Т.Токтошев демилгелеген "Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

  

Төраганын орун басары

Д. Толонов