Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-марты № 1414-VI
"2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2015-жылдын 30-декабрындагы № 713 токтому) "2011-жылдын 18-октябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган 2001-жылдын 28-сентябрындагы Опурталдуу өндүрүштүк объекттерде өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо жагында кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Төраганын орун басары | Д. Толонов
|